Казахские песни Узбекские песни

Кызсайкал Кабылова.
 Слушать песни исполнителя и скачать онлайн

Исполнители

Добавить
Все киргизские исполнители

Кызсайкал Кабылова

  • Кун дейинби сени кундойум, Гул дейинби кызыл гулдойум. Баары, баары сага жарашат, Эмне дейин айтчы ким дейин? Кунум десен жарык чачайын, Гулум десен гулдоп ачайын. Эркелетсен мейли эмне деп, Эркен болуп сенин жашайын. Припев; Жанында жаным, Сенин болойун. Багына бактым, Барып конойун. Тыншачы жаным, Ортобуздагы. Жанырып жаткан, Суйуу обонун. Ай дейинби сени айдайым, Асел дейим ширин балдайым. Аруузатым арзуу сезимди, Ак суйуумду сага арнайын. Айым десен тундо толойун, Асманына бийик конойун. Жол корсотуп сага тундосу, Жарыгын мен сенин болойун. Припев; Жанында жаным, Сенин болойун. Багына бактым, Барып конойун. Тыншачы жаным, Ортобуздагы. Жанырып жаткан, Суйуу обонун.
  • Аткан ок болчу насааты, Адамдын эле тазасы. Акылын айтып жалпыга, Асылын иштин жасачу. Кайырма: Тирүүлүк деген күрөштө, Шам болуп күйгөн үммөткө. Атыңыз Чубак ажы деп, Ар дайым жашайт жүрөктө. Жамандын оюн кыйратып, Жакшыга жаркын сый катып. Күлкүгө бөлөп турчусуз, Кеттиңиз кайда ыйлатып? Элиңиз сыздап таба албайт, Эми ким динди баяндайт? Сан кылым чубап өтсө да, Сиздей жан кайра жаралбайт… Чубактай ажы жаралбайт…
  • Бактыма сен барсың, Бакыт берген жансың Жанымда, тагдырымда. Татаал турмуш кечтик, Баарын бирге жеңдик Жаралып жалганга Сенин барың күч берет, күнүм керемет, Бизди күтөт келечек, күтөт келечек. Кайырма: Жетелешип басып жүрөлүк, Сезимдерди сактап түбөлүк Биз түбөлүк, түбөлүк, биз түбөлүк. Жалындаган сезим, Жакын жүрүп сездим, Жылуулугуң сенин… Аруу, таза сезим, Сүйүү кереметин Башкадан издебеймин… Сенин барың күч берет, күнүм керемет, Бизди күтөт келечек, күтөт келечек. Кайырма:
  • Кун өтсө кайра келбес өмүр кызык, Күлкүсү күйүт коштоп, өтөт сызып, Тагдырга таң каламын, таарынбаймын, Таш боорлук кылып коет, кээде кысып, Күн өтсө орду толбос жашоо кызык… Минип алып өмүр кемесин, Жашоо жээгин бойлоп келесиң. Суктандырып түнкү жылдызды, Сүйүү гүлүн мага бересиң… Эстеймин эстен кеткис сезимдерди. Жазып бүтпөйм санаасын сезимдеги, Күбө болсо сүйүүбүзгө алтын казык. Деп айткан ошол сөзүң эсиңдеби? Эстеймин жаштык өткөн сезимдерди… Минип алып өмүр кемесин, Жашоо жээгин бойлоп келесиң. Суктандырып түнкү жылдызды, Сүйүү гүлүн мага бересиң… Мен жүрөм жаштыгыма ырлар жазып. Окусам болобу деп өмүр азын, Табышпай таарынышып кетсек дагы. Тагдыр бул ашыктыкта эмне жазык, Мен жүрөм бир өзүңө ырлар жазып… Минип алып өмүр кемесин, Жашоо жээгин бойлоп келесиң. Суктандырып түнкү жылдызды, Сүйүү гүлүн мага бересиң… Сүйүү гүлүн мага бересиң…
  • Кечээ эле мотурайган кыз элең Бул турмуштун эч бир даамын сезбеген Мына бүгүн көңүлүм суз жан кызым менин Үйдөн узап баратканың эстесем Кайырма: Бакытыңа жакшы күндөр жазылсын Сен биз үчүн теңдеши жок асылсың Жубай болуп ар бир жанга берилген, демек Барган жерден багың гүлдөй ачылсын
  • Өмүрдү барктап, сезбеген арбын, Балким кебирлер түшүнөт баркын. Кимдир бирөөгө аесуз курсуң, Кимдир бирөөгө аябай зарсың Кайырма: Өмүр, өмүр биз деп жанасың Өмүр, өмүр ойго саласың Өмүр, өмүр колуңда сенин Кимди, кай жерден, качан аласың Таталбай өмүр даамын кетирип, Жүргөндөрдүн бул күндөрдү эскерип. Ойлоп алып мен да бир күн кетерим Жаш жүрөгүм жашагымды келтирет. Кайырма: Өмүр, өмүр биз деп жанасың Өмүр, өмүр ойго саласың Өмүр, өмүр колуңда сенин Кимди, кай жерден, качан аласың Адамдык бизде пейил оңолбой, Эскирип барат такыр колдонбой. Убактылуу күндү гана өткөрүп, Жүргөндөйбүз көп нерсени ойлонбой. Кайырма:
  • Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың Көздөрүңдөн мен бакытты табамын Сенсиң менин он сегиз миң ааламым Бир өзүңө байланамын Сени менен бакыт барын сеземин Билем жаным жалгыз сендик экеним Менин тунук бакытыма себебсиң Жүрөгүмдө сезимдесиң Кайырма: Сен менин жаным Мен бактымды таптым Жаркытып жашоомо Жарык нуруңду чачтың Дайым менин жанымдасың бир өзүң Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң Сени менен чогу бирге өткөргөн Кымбат мага мүнөттөрүң Бактылуумун өзүң барсың жанымда Эркелетип сүйүп турган дайыма Кандай жакшы жазылган бактыма Бакыт болбой башкаларга
  • Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы, Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары. Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум, Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары. Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым, Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым! Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй, Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың… Кайырма Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт, Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт! Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп, Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай Мен кеттим дүйнөм тар болуп! Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң! Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?! Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай, А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!
  • Мен арнаган ак сүйүүнү, Эстейсиң сен деген жүрөгүмдү. Сен сезесиң жан экенин, Аягың көңүлүмдү. Мен баш тартып ойлорумдан, Сүйөм деп кармасам колдоруңдан. Сен ишенип башкаларга, Адаштың жолдоруңдан. Кайырма Арнасам жүрөгүмдү жалгыз сага, А бирок арнабадың сүйүү мага. Бир күнү түшүнөсүң, Барысы жакын эмес, Мендей сага. Бир мезгилде түшүнөсүң, Мен сенин сезимиң сыйлаганым. Сен жүрөктү кыйнасаң да, Башкага кыйбаганмын. Сен карабай көздөрүмө, Ишендиң ар кимдин сөздөрүнө. Сен сезбедиң жашыганым, Жалгыз сен жүрөгүмдү.
  • Жаратканым мага энчилеп Белек кылып берген балапанымсың Жарык айдайым ишене албаймын Сен жок кезде билбейм кантип жашадым Кайырма: Эркетайым менин эркетайым Маңдайымда жүрчү сен ар дайым Балапанымсың менин көктө жылдызым Бакыт мага түгөнгүс сенин кылыгың Кандай бакыт жанымда барың Жыттап алып сени кубаттанамын Күндөй жайнасаң апоу деп айтсаң Ал ансайын ачылат менин асманым Кылыктарың сонун эркелеп Сөздөрүң таттуу тартат өзүнө Күлгөнүң сулуу көздөрүң нурлуу Жаратканым бакытты берсин өзүмө
  • Билем жаным таарынасың мага дайым Айтпасаң да көздөрүңдөн туям баарын Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин Мейли кеттиң коштошподуң кош дебедиң Түшүнбөймүн таарынычың не себебин Сезген жоксун жүрөгүмдүн ооруганын Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын Төгөт жамгыр коштошуунун көз жашыдыр Кеч болсо да калыстыгын кылаар тагдыр Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң Сезген жоксун жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң
  • Тамшанасың таң каласың Жаш балакай канчадасың Алсырап ойноп жүрчү балашка Ансыз деле түшүп жүрөм талашка Качпа сулуу какпа сулуу Кыялыңды ташта сулуу Биз эми сенин супер менин Апама сен бол супер келин Купулга жигит толуш керек Үй машинаң болуш керек Сүйүүсүнө жетет татыганда Кнопкам менен жүргөн машинам бар Жаным деп алдабачы Калп сезимди арнабачы Сага болгон махабатым терең Алдап кетчүдөй депутат белем Мактанасың шаттанасың Азырынча жаш баласың Мактанчактын кереги жок мага Андай болсо башка кызды кара Каражаным балапаным Сага түнүм сага таңым Көгүчкөнүм болсоң жем болоюн Человек паугун мен болоюн Көгүчкөн эмес аккуумун мен Сүйүүдөй балдай таттуумун мен Көз менен анда атып алам Карегиме дайым катып эле алам
  • Капалыкты кайгыны жойсо дедим Көңүлүмө жарыгы толсо дедим Бой таштаган мен үчүн бийиктикте Болочогум атамдай болсо дедим Кайырма: Кубанычтан толкундап ыйлап алам Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам Баркын билип мен дагы түгөйүмдү Башымды ийип атамдай сыйлап алам Бийик кылган жашоомдо ордум дедим Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим Түн бир оокум жалбарып жаратканга Түбөлүгүм атамдай болсо дедим Жалыныма отума күйсө дедим Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим Жамандыктан кайгыдан алыс кылып Жан шеригим атамдай сүйсө дедим
  • Мөлтүрөгөн көздөрүң, Бир боорум деп, Мээримиң төккөнүң. Карындашым өзүңдөн, Мен көрөмүн,апакемдин өзүн. Бар болгун асылым,апакай, Ак куусу төрүмдүн. Кымбатым менин карындашым, Кадырлап алар тамырлашым. Кагылам сенден,айланып кетем, Табылгыс байлыгым. Караныңыз опол-тоо. Агатайым, башымды жөлөрүм. Капа тартсам капыстан, Атакемдей чекемден өбөрүм. Силер бар бир боорум асылдар, Бактылуу өмүрүм. Алыска кетсем сагынарым, Канатын жайып кайрыларым. Айланып кетем,жанымды берем, Табылгыс байлыгым. Жараткан берген бир тууганым, Жанымда түгөл жүрчү дайым. Атамда,апам маңдайда болуп, Сыймыктансын дайым.
  • Жашоомдо бүтпөс санатым Жан атам сизсиз канатым Жүрөктү кубандырат Жүзүмдөн нур алдырат Мээримдүү сенин карашың Атакем ыйык тутам Бакытым менин атам Таазим кылып тизе бүгөм Ата сизди чексиз сүйөм Атакебай атакем Мээнетиң арбын ченемсиз Кымбатым ыйык чеберсиз Кыйналсам биле турган Мен үчүн бийик турган Атакем бийик тутам Атакем жаным атам Ачык болсун көңүлүңүз Узун болсун өмүрүңүз Атакем атакем Себеби сенсиң ырымдын Сезбестен турмуш кыйынын Жашай бер кылымдарга Жаныңда кызың барда Атакем асылым ыйыгым Атакем кумир тутам Жөнөкөй асыл адам Кичинемде эркелесем Эми сизди эркелетем Атакебай атакем
  • Таппадым жүрөсүз кай даректерде, Карабай сүйүү жанган ой каректерге, Сагынып көз жаш менен эстей берем, Мен сизди жактырбашым керек эле, Кор болду айтпай келген сүйүү бизге, Кор болду күнөө сизде ай күнөө менде, Бир өмүр азап чегип жүрбөш үчүн, Мен сизди жактырбашым керек эле, Бул өзу кайтар дүйнө башкалардын, Көнүлүм оорутпашым мен керек эле, Сезимсиз женил болмок балким жашоо, Мен сизди унутушум керек эле.
  • Жаным сездирдинго барынды Иймерип алдын шагымды Жаным коз талдырган ай белен Корунбой мурда кайда элен Кайырма; Жаным сен менен озумду бактылуу сезейинчи Жаным сен менен энсеген кыялга жетейинчи Жаным сен менен махабат багына барайынчы Жаным сен менен омурлук жолумду табайынчы Мага журогунду арначы Колумду сунам кармачы Жаным жылдызымсын асманда Кубанам сени тапканга
  • Сырымды угарым Суусасам булагым Жанымда турасың Үшүсөм күн болуп Үлбүрөп гүл болуп Көңүлүң бурасың Кайырма: Курбум сен менин бир курбум Билбедимби сен менин Кыйбасымсың менин Жыгылсам таяган Жалооруп караган Жан курбум аяган Кубансам сүйүнгөн Кайгырсам күйүнгөн Кири жок дилинде
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.
  • 1 куплет Кайдагы бир создор азгырып, Конулдорду койду мас кылып. Озумду озум тааныбай турам, Турмуш озу эле жолун корсотуп. Экообузду койду кас кылып. Кайырма: Ажырасак сага да мага Тугой болор бир жан табылаар Ойлоп корсом ошол адамга Биздей жандын эмне кереги,кереги? Журогундо эски тагы бар. 2 куплет Уйубузго бакыт кондуруп, Жылыта албай аны тондуруп. Сабырыбыз такыр тугонуп, Тепселеп аны конул болбодук. Жакшы кундор турса кол сунуп.