Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бактым таптым»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың
Көздөрүңдөн мен бакытты табамын
Сенсиң менин он сегиз миң ааламым
Бир өзүңө байланамын
Сени менен бакыт барын сеземин
Билем жаным жалгыз сендик экеним
Менин тунук бакытыма себебсиң
Жүрөгүмдө сезимдесиң

Кайырма:

Сен менин жаным
Мен бактымды таптым
Жаркытып жашоомо
Жарык нуруңду чачтың

Дайым менин жанымдасың бир өзүң
Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң
Сени менен чогу бирге өткөргөн
Кымбат мага мүнөттөрүң
Бактылуумун өзүң барсың жанымда
Эркелетип сүйүп турган дайыма
Кандай жакшы жазылган бактыма
Бакыт болбой башкаларга

Другие песни исполнителя:

  • Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы, Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары. Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум, Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары. Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым, Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым! Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй, Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың… Кайырма Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт, Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт! Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп, Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай Мен кеттим дүйнөм тар болуп! Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң! Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?! Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай, А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!
  • Билем жаным таарынасың мага дайым Айтпасаң да көздөрүңдөн туям баарын Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Жалгыз сага жан дүйнөмдүн ийилгенин Мейли кеттиң коштошподуң кош дебедиң Түшүнбөймүн таарынычың не себебин Сезген жоксун жүрөгүмдүн ооруганын Сезимдердин тоо гүлүндөй соолуганын Төгөт жамгыр коштошуунун көз жашыдыр Кеч болсо да калыстыгын кылаар тагдыр Билген жоксуң жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң Сезген жоксун жүрөгүмдүн эзилгенин Аста басып кете бердиң, кете бердиң
  • 1 куплет Кайдагы бир создор азгырып, Конулдорду койду мас кылып. Озумду озум тааныбай турам, Турмуш озу эле жолун корсотуп. Экообузду койду кас кылып. Кайырма: Ажырасак сага да мага Тугой болор бир жан табылаар Ойлоп корсом ошол адамга Биздей жандын эмне кереги,кереги? Журогундо эски тагы бар. 2 куплет Уйубузго бакыт кондуруп, Жылыта албай аны тондуруп. Сабырыбыз такыр тугонуп, Тепселеп аны конул болбодук. Жакшы кундор турса кол сунуп.
  • Кечээ эле мотурайган кыз элең Бул турмуштун эч бир даамын сезбеген Мына бүгүн көңүлүм суз жан кызым менин Үйдөн узап баратканың эстесем Кайырма: Бакытыңа жакшы күндөр жазылсын Сен биз үчүн теңдеши жок асылсың Жубай болуп ар бир жанга берилген, демек Барган жерден багың гүлдөй ачылсын