Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызыма»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кечээ эле мотурайган кыз элең
Бул турмуштун эч бир даамын сезбеген
Мына бүгүн көңүлүм суз жан кызым менин
Үйдөн узап баратканың эстесем

Кайырма:
Бакытыңа жакшы күндөр жазылсын
Сен биз үчүн теңдеши жок асылсың
Жубай болуп ар бир жанга берилген, демек
Барган жерден багың гүлдөй ачылсын

Другие песни исполнителя:

  • Аткан ок болчу насааты, Адамдын эле тазасы. Акылын айтып жалпыга, Асылын иштин жасачу. Кайырма: Тирүүлүк деген күрөштө, Шам болуп күйгөн үммөткө. Атыңыз Чубак ажы деп, Ар дайым жашайт жүрөктө. Жамандын оюн кыйратып, Жакшыга жаркын сый катып. Күлкүгө бөлөп турчусуз, Кеттиңиз кайда ыйлатып? Элиңиз сыздап таба албайт, Эми ким динди баяндайт? Сан кылым чубап өтсө да, Сиздей жан кайра жаралбайт… Чубактай ажы жаралбайт…
  • Жаным сездирдинго барынды Иймерип алдын шагымды Жаным коз талдырган ай белен Корунбой мурда кайда элен Кайырма; Жаным сен менен озумду бактылуу сезейинчи Жаным сен менен энсеген кыялга жетейинчи Жаным сен менен махабат багына барайынчы Жаным сен менен омурлук жолумду табайынчы Мага журогунду арначы Колумду сунам кармачы Жаным жылдызымсын асманда Кубанам сени тапканга
  • Мен арнаган ак сүйүүнү, Эстейсиң сен деген жүрөгүмдү. Сен сезесиң жан экенин, Аягың көңүлүмдү. Мен баш тартып ойлорумдан, Сүйөм деп кармасам колдоруңдан. Сен ишенип башкаларга, Адаштың жолдоруңдан. Кайырма Арнасам жүрөгүмдү жалгыз сага, А бирок арнабадың сүйүү мага. Бир күнү түшүнөсүң, Барысы жакын эмес, Мендей сага. Бир мезгилде түшүнөсүң, Мен сенин сезимиң сыйлаганым. Сен жүрөктү кыйнасаң да, Башкага кыйбаганмын. Сен карабай көздөрүмө, Ишендиң ар кимдин сөздөрүнө. Сен сезбедиң жашыганым, Жалгыз сен жүрөгүмдү.
  • Мөлтүрөгөн көздөрүң, Бир боорум деп, Мээримиң төккөнүң. Карындашым өзүңдөн, Мен көрөмүн,апакемдин өзүн. Бар болгун асылым,апакай, Ак куусу төрүмдүн. Кымбатым менин карындашым, Кадырлап алар тамырлашым. Кагылам сенден,айланып кетем, Табылгыс байлыгым. Караныңыз опол-тоо. Агатайым, башымды жөлөрүм. Капа тартсам капыстан, Атакемдей чекемден өбөрүм. Силер бар бир боорум асылдар, Бактылуу өмүрүм. Алыска кетсем сагынарым, Канатын жайып кайрыларым. Айланып кетем,жанымды берем, Табылгыс байлыгым. Жараткан берген бир тууганым, Жанымда түгөл жүрчү дайым. Атамда,апам маңдайда болуп, Сыймыктансын дайым.