Казахские песни Узбекские песни

Песня «Атакем»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жашоомдо бүтпөс санатым
Жан атам сизсиз канатым
Жүрөктү кубандырат
Жүзүмдөн нур алдырат
Мээримдүү сенин карашың

Атакем ыйык тутам
Бакытым менин атам
Таазим кылып тизе бүгөм
Ата сизди чексиз сүйөм
Атакебай атакем

Мээнетиң арбын ченемсиз
Кымбатым ыйык чеберсиз
Кыйналсам биле турган
Мен үчүн бийик турган

Атакем бийик тутам
Атакем жаным атам
Ачык болсун көңүлүңүз
Узун болсун өмүрүңүз
Атакем атакем

Себеби сенсиң ырымдын
Сезбестен турмуш кыйынын
Жашай бер кылымдарга
Жаныңда кызың барда
Атакем асылым ыйыгым
Атакем кумир тутам
Жөнөкөй асыл адам
Кичинемде эркелесем
Эми сизди эркелетем
Атакебай атакем

Другие песни исполнителя:

  • Сен болдуң жүрөгүмдүн түрсүл-түрсүл соккон күчтүү ыргагы, Сен болдуң көңүлүмдүн муңдан толуп, оргуп чыккан ырлары. Жолу жок махабаттан боздоп жүргөн бото анык мен болдум, Сагындырып көздөрүңдүн жанып турган жанга дары нурлары. Сен болдуң кусалыктан күтүп-күтүп күдөр үзбөс сагынчым, Сен болдуң издегеним келчи, Жаным, өзүңдү абдан сагындым! Күтүүдөн күйүп бүттүм, келсең боло жүрөк отум өчүрбөй, Же болбосо көңүлүңдө барбы, Эркем, айтпай жүргөн таарынчың… Кайырма Өзүңдү дегдеп, өзүңсүз түндөр өтөт, Өзүң деген кусалыктан соккон жүрөк бар дүйнөмдү дүрбөтөт! Өзүңдү дегдейм карааныңа зар болуп, Кайтып келчи, Карлыгачым, муңкандырбай Мен кеттим дүйнөм тар болуп! Нечен күн өтсө дагы, нечен нөшөр төксө дагы келбейсиң! Не үчүн бир өзүң деп жүрсөм дале мен менен бир жүрбөйсүң?! Күндөр өтөөр, айлар өтөөр, мезгил да кетээр дайнын таптырбай, А мен болсо сүйөм сени, сүйөм сени, сенден күдөр үзбөймүн!
  • Аткан ок болчу насааты, Адамдын эле тазасы. Акылын айтып жалпыга, Асылын иштин жасачу. Кайырма: Тирүүлүк деген күрөштө, Шам болуп күйгөн үммөткө. Атыңыз Чубак ажы деп, Ар дайым жашайт жүрөктө. Жамандын оюн кыйратып, Жакшыга жаркын сый катып. Күлкүгө бөлөп турчусуз, Кеттиңиз кайда ыйлатып? Элиңиз сыздап таба албайт, Эми ким динди баяндайт? Сан кылым чубап өтсө да, Сиздей жан кайра жаралбайт… Чубактай ажы жаралбайт…
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.
  • Бактыма сен барсың, Бакыт берген жансың Жанымда, тагдырымда. Татаал турмуш кечтик, Баарын бирге жеңдик Жаралып жалганга Сенин барың күч берет, күнүм керемет, Бизди күтөт келечек, күтөт келечек. Кайырма: Жетелешип басып жүрөлүк, Сезимдерди сактап түбөлүк Биз түбөлүк, түбөлүк, биз түбөлүк. Жалындаган сезим, Жакын жүрүп сездим, Жылуулугуң сенин… Аруу, таза сезим, Сүйүү кереметин Башкадан издебеймин… Сенин барың күч берет, күнүм керемет, Бизди күтөт келечек, күтөт келечек. Кайырма: