Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сагындым сени»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айдыңга ак куулар жол алды,
Сагындым сени.
Жайнады дүйнө да, жаңырды,
Сагындым сени.
Жаз өттү, жалбырак саргайды,
Сагындым сени.
Ак кайың ак мамык жамынды,
Сагындым сени.



Кайырма:
Күн батты, таң атты дагы да,
Эм таппайм жаралуу жаныма,
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.
Сен элең сүйүүмдүн жанары,
Эңсеткен жүрөгүм жамалың,
Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.



Ак кайың арылды ак кардан,
Сагындым сени.
Булбул куш сайрады бактардан,
Сагындым сени.
Элесиң жүрөгүм жандантып,
Сагындым сени.
Келесиң жаным кай жактардан,
Сагындым сени



Кайырма:
Күн батты, таң атты дагы да,
Эм таппайм жаралуу жаныма,
Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан.
Сен элең сүйүүмдүн жанары,
Эңсеткен жүрөгүм жамалың,
Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.

Другие песни исполнителя:

  • Сырымды угарым Суусасам булагым Жанымда турасың Үшүсөм күн болуп Үлбүрөп гүл болуп Көңүлүң бурасың Кайырма: Курбум сен менин бир курбум Билбедимби сен менин Кыйбасымсың менин Жыгылсам таяган Жалооруп караган Жан курбум аяган Кубансам сүйүнгөн Кайгырсам күйүнгөн Кири жок дилинде
  • Мен арнаган ак сүйүүнү, Эстейсиң сен деген жүрөгүмдү. Сен сезесиң жан экенин, Аягың көңүлүмдү. Мен баш тартып ойлорумдан, Сүйөм деп кармасам колдоруңдан. Сен ишенип башкаларга, Адаштың жолдоруңдан. Кайырма Арнасам жүрөгүмдү жалгыз сага, А бирок арнабадың сүйүү мага. Бир күнү түшүнөсүң, Барысы жакын эмес, Мендей сага. Бир мезгилде түшүнөсүң, Мен сенин сезимиң сыйлаганым. Сен жүрөктү кыйнасаң да, Башкага кыйбаганмын. Сен карабай көздөрүмө, Ишендиң ар кимдин сөздөрүнө. Сен сезбедиң жашыганым, Жалгыз сен жүрөгүмдү.
  • Мөлтүрөгөн көздөрүң, Бир боорум деп, Мээримиң төккөнүң. Карындашым өзүңдөн, Мен көрөмүн,апакемдин өзүн. Бар болгун асылым,апакай, Ак куусу төрүмдүн. Кымбатым менин карындашым, Кадырлап алар тамырлашым. Кагылам сенден,айланып кетем, Табылгыс байлыгым. Караныңыз опол-тоо. Агатайым, башымды жөлөрүм. Капа тартсам капыстан, Атакемдей чекемден өбөрүм. Силер бар бир боорум асылдар, Бактылуу өмүрүм. Алыска кетсем сагынарым, Канатын жайып кайрыларым. Айланып кетем,жанымды берем, Табылгыс байлыгым. Жараткан берген бир тууганым, Жанымда түгөл жүрчү дайым. Атамда,апам маңдайда болуп, Сыймыктансын дайым.
  • Капалыкты кайгыны жойсо дедим Көңүлүмө жарыгы толсо дедим Бой таштаган мен үчүн бийиктикте Болочогум атамдай болсо дедим Кайырма: Кубанычтан толкундап ыйлап алам Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам Баркын билип мен дагы түгөйүмдү Башымды ийип атамдай сыйлап алам Бийик кылган жашоомдо ордум дедим Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим Түн бир оокум жалбарып жаратканга Түбөлүгүм атамдай болсо дедим Жалыныма отума күйсө дедим Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим Жамандыктан кайгыдан алыс кылып Жан шеригим атамдай сүйсө дедим