Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сизди унутушум керек эле»
исполнителя Кызсайкал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Таппадым жүрөсүз кай даректерде,
Карабай сүйүү жанган ой каректерге,
Сагынып көз жаш менен эстей берем,
Мен сизди жактырбашым керек эле,

Кор болду айтпай келген сүйүү бизге,
Кор болду күнөө сизде ай күнөө менде,
Бир өмүр азап чегип жүрбөш үчүн,
Мен сизди жактырбашым керек эле,

Бул өзу кайтар дүйнө башкалардын,
Көнүлүм оорутпашым мен керек эле,
Сезимсиз женил болмок балким жашоо,
Мен сизди унутушум керек эле.

Другие песни исполнителя:

  • Мөлтүрөгөн көздөрүң, Бир боорум деп, Мээримиң төккөнүң. Карындашым өзүңдөн, Мен көрөмүн,апакемдин өзүн. Бар болгун асылым,апакай, Ак куусу төрүмдүн. Кымбатым менин карындашым, Кадырлап алар тамырлашым. Кагылам сенден,айланып кетем, Табылгыс байлыгым. Караныңыз опол-тоо. Агатайым, башымды жөлөрүм. Капа тартсам капыстан, Атакемдей чекемден өбөрүм. Силер бар бир боорум асылдар, Бактылуу өмүрүм. Алыска кетсем сагынарым, Канатын жайып кайрыларым. Айланып кетем,жанымды берем, Табылгыс байлыгым. Жараткан берген бир тууганым, Жанымда түгөл жүрчү дайым. Атамда,апам маңдайда болуп, Сыймыктансын дайым.
  • Жүрөгүмө сен жылуулук арнадың Көздөрүңдөн мен бакытты табамын Сенсиң менин он сегиз миң ааламым Бир өзүңө байланамын Сени менен бакыт барын сеземин Билем жаным жалгыз сендик экеним Менин тунук бакытыма себебсиң Жүрөгүмдө сезимдесиң Кайырма: Сен менин жаным Мен бактымды таптым Жаркытып жашоомо Жарык нуруңду чачтың Дайым менин жанымдасың бир өзүң Жагат мага сүйүп турган мүнөзүң Сени менен чогу бирге өткөргөн Кымбат мага мүнөттөрүң Бактылуумун өзүң барсың жанымда Эркелетип сүйүп турган дайыма Кандай жакшы жазылган бактыма Бакыт болбой башкаларга
  • Айдыңга ак куулар жол алды, Сагындым сени. Жайнады дүйнө да, жаңырды, Сагындым сени. Жаз өттү, жалбырак саргайды, Сагындым сени. Ак кайың ак мамык жамынды, Сагындым сени. Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым. Ак кайың арылды ак кардан, Сагындым сени. Булбул куш сайрады бактардан, Сагындым сени. Элесиң жүрөгүм жандантып, Сагындым сени. Келесиң жаным кай жактардан, Сагындым сени Кайырма: Күн батты, таң атты дагы да, Эм таппайм жаралуу жаныма, Бир гана сени эңсеп карайлаймын жолуңдан. Сен элең сүйүүмдүн жанары, Эңсеткен жүрөгүм жамалың, Эзилип ичимен барамын, ай, маралым.
  • Капалыкты кайгыны жойсо дедим Көңүлүмө жарыгы толсо дедим Бой таштаган мен үчүн бийиктикте Болочогум атамдай болсо дедим Кайырма: Кубанычтан толкундап ыйлап алам Кыйноо тарткан күндөрдү жыйнап алам Баркын билип мен дагы түгөйүмдү Башымды ийип атамдай сыйлап алам Бийик кылган жашоомдо ордум дедим Бирок тагдыр сынооңдү койгун дедим Түн бир оокум жалбарып жаратканга Түбөлүгүм атамдай болсо дедим Жалыныма отума күйсө дедим Жаштыгымды кор кылбай жүрсө дедим Жамандыктан кайгыдан алыс кылып Жан шеригим атамдай сүйсө дедим