Казахские песни Узбекские песни

Песня «Көксулуу»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демигем.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Кыйналам чындап демиге.
Кишини мынча чуркатпай,
Кыйнабай билсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм такыр үзгүм жок,
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк эттиң күлгүн күлүшүң,
Жайдары кыздын гүлүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жаркыным, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн күн, ай жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүшпөй калсам, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш тамат.
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон күн, ай жалтанат.
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жошулуп көздөн жаш тамат.
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан, Көксулуум,
Жамалың төгүп ырдайын.
Жарашкан перим экенсиң,
Жалтанбай карап ырдайын.
Абдан сонун жарашкан,
Ак седеп таккан чыптамаң.
Ак көйнөкчөн келатсаң,
Ак куудай көлдө куп гана.
Ааламда жок сулуулук,
Арнаган экен кудурет,
Атайлап берип бир сага.
Көркөмү сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптамаң.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийгат,
Баарын кош колдоп сунуп, бир сага.
Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдасам, ырым укпайсың.
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктуу иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.
Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жолдон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.
Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки сулуунун,
Периштеси Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Жетимиш эки сулуунун чиркин,
Периси сенсиң, Көксулуу.
Теңтуштан тагдыр кошподу,
Телтору тандап ат чапсам,
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн,
Теңибиз кыйнайт окшоду.
Курдаштан тагдыр кошподу.
Куладан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курдаштык кыйнайт окшоду.
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саяпчы салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!

Другие песни исполнителя:

  • Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө, Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө. Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө. Эске албай элеп жамгыр төккөнүн, Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим. Алар да жок, бирок эсте калыптыр, Чуркап өткөн сенин, менин издерим. Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын, Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым. Балалык кез эске түшүп ушунча, Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын, Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
  • Талкалап баарын бүттүң, Эң назик көңүлдөрдү. Текебер мүнөзүңө, Үмүттөр көмүлгөнбү? Үмүттөр көмүлгөнбү? Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Мурдагы жакшы көрүү. Жашабайт сезимдерде. Кайрылып келбейм сага. Көз жашың төгүлгөндө. Көз жашың төгүлгөндө. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. А азыр башка менин, Жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, Мени эстеп кайгырбагын. Мени эстеп кайгырбагын. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы.
  • Ат жайлоо кенен жайыгым Аралаш конуп айылым. Ажайып көңүл сергиген Аскаңдан көрсөм кайыгым. Абаңдан сергип чоңоюп Айдадым талант кайыгым. Тизеден келген тулаңым Чоң кечүү, жорго булагым. Таң сүрө жайып чыкчумун Төрүңө козу улагым. Талпынып ушу төрүңдөң, төрүңдөн Таалайым тапкан убагым. Айланам сенден Богоштум Апакем түндүк тарткан жер. Арчадан кынап мага арнап Атакем комуз чапкан жер Ал эми шар суу өзөнүм, өзөнүм Адамга талант тапкан жер. Кирпигим сылап өткөн жер Киндик бир каным төккөн жер. Кызматым сендик Богуштум Кылымдап атам өткөн жер. Кусадар болуп кеогенде, келгенде Кучагын жайган көктөм жер.
  • Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен, Бирок да жолдорубуз бөлөк экен. Жамгырда бирге болгон жаштык кезди, Жоготпой сезимиме сактап келем. Кайырма: Табийгат жашып турат неге тынбай? Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай. Арзууну жүрөктөгү эзген менен, Ааламга жар саламын ырдай, ырдай. Жамгырда чогуу басып атырган таң, Түбөлүк чыкпай келет акылымдан. Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп, Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан. Кайырма: Окшотуп добушуңду сенин күлкүң, Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм. Жамгырдан сени бөлүп карай албай, Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм.
  • Бир көрүп, капысынан караганың, Карегим карегиңе кадалганын. Ушундай унутулгус нерсе болду, Жазыксыз жүрөгүмдү жараладың. Арзуум сезимдерди араласын, Канткенде ак сүйүүнү таба аласың, Ишеним эки жактан тең болсун деп, Кош жүрөк күмөндүктү санабасын. Кайырма: Ыраазымын тагдырыма, сүйүүнүн актыгына, Буйругун бир өзүңдөн, таптым мына Сүйүнүч нуру толсун, өчпөгөн бакыт консун, Табышкан ак сүйүүбүз түбөлүк бирге болсун… Жүрөгүм алоолонуп жанып барат, Мен үчүн укмуштуудай сезим жанат Жаштыктын унутулгус бул күндөрү Түбөлүк эч өчпөстөн эсте калат. Кайырма: