Казахские песни Узбекские песни

Песня «Богошту»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ат жайлоо кенен жайыгым
Аралаш конуп айылым.
Ажайып көңүл сергиген
Аскаңдан көрсөм кайыгым.

Абаңдан сергип чоңоюп
Айдадым талант кайыгым.
Тизеден келген тулаңым
Чоң кечүү, жорго булагым.

Таң сүрө жайып чыкчумун
Төрүңө козу улагым.
Талпынып ушу төрүңдөң,
төрүңдөн
Таалайым тапкан убагым.

Айланам сенден Богоштум
Апакем түндүк тарткан жер.
Арчадан кынап мага арнап
Атакем комуз чапкан жер
Ал эми шар суу өзөнүм, өзөнүм
Адамга талант тапкан жер.

Кирпигим сылап өткөн жер
Киндик бир каным төккөн жер.
Кызматым сендик Богуштум
Кылымдап атам өткөн жер.
Кусадар болуп кеогенде, келгенде
Кучагын жайган көктөм жер.

Другие песни исполнителя:

  • Айтчы деги кимде айып? Өзүң деле билесиң. Уйку бербей тынчыраак, Неге түшкө киресиң? Наристедей ээрчишип, Териппиз го гүлдөрүн. Түнт токойду аралап, Тыңшап куштун үндөрүн. Ийип башын булбулдар, Махабатты чалышты. Кол булгалап бардыгы, Узатышып калышты. Паана кылып түшүмдү, Бет алдыма кармаймын. Мүмкүн мени сүйөр деп, Өзүмдү-өзүм алдаймын. Антсем дагы канчалык, Сен башканы сүйөсүң. Уйку бербей бирок да, Түшкө кирип жүрөсүң. Айтчы деги кимде айып, Өзүң деле билесиң. Уйку бербей тынчыраак, Неге түшкө киресиң?
  • Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө, Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө. Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө. Эске албай элеп жамгыр төккөнүн, Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим. Алар да жок, бирок эсте калыптыр, Чуркап өткөн сенин, менин издерим. Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын, Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым. Балалык кез эске түшүп ушунча, Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын, Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
  • Талкалап баарын бүттүң, Эң назик көңүлдөрдү. Текебер мүнөзүңө, Үмүттөр көмүлгөнбү? Үмүттөр көмүлгөнбү? Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Мурдагы жакшы көрүү. Жашабайт сезимдерде. Кайрылып келбейм сага. Көз жашың төгүлгөндө. Көз жашың төгүлгөндө. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. А азыр башка менин, Жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, Мени эстеп кайгырбагын. Мени эстеп кайгырбагын. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы.
  • Аруузатым, ай чырагым, аппагым, Сени көрүп мен тазара баштадым. Карегиңде жүргөн экен катылып, Качанкы бир мен жоготкон асманым. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн, Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм. Өзүң менен айыкчудай сезилип, Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм. Кайырма: Тагдыр, мени каалагандай калчадың, Акың калса, алып бүтчү, чарчадым. Жаштык узап кете электе бир жолу, Жашоо берчи жашылындай арчанын. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.