Казахские песни Узбекские песни

Песня «Неге тушко киресин?»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Айтчы деги кимде айып?
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?
Наристедей ээрчишип,
Териппиз го гүлдөрүн.
Түнт токойду аралап,
Тыңшап куштун үндөрүн.
Ийип башын булбулдар,
Махабатты чалышты.
Кол булгалап бардыгы,
Узатышып калышты.
Паана кылып түшүмдү,
Бет алдыма кармаймын.
Мүмкүн мени сүйөр деп,
Өзүмдү-өзүм алдаймын.
Антсем дагы канчалык,
Сен башканы сүйөсүң.
Уйку бербей бирок да,
Түшкө кирип жүрөсүң.
Айтчы деги кимде айып,
Өзүң деле билесиң.
Уйку бербей тынчыраак,
Неге түшкө киресиң?

Другие песни исполнителя:

  • Аралап шаар ичин басып жүргөн, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Фрунзенин кечиндеги. Убакыт суудай акты, унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түндү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди. Үн катпай мени тиктеп бак-дарактар Жүрөктө сагынчыма карашкансып Негедир канаттуулар учуп өтсө Сезилет сени көздөй бараткансып Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай, Азыр мен амалым жок алыс жакта… Түшүмдө күндө сени жолуктурам, Ырахмат миң мертебе махабатка.
  • Бир мезгил жолуктуруп өзүң менен, Бирок да жолдорубуз бөлөк экен. Жамгырда бирге болгон жаштык кезди, Жоготпой сезимиме сактап келем. Кайырма: Табийгат жашып турат неге тынбай? Төгүлөт Түгөлбайдын жамгырындай. Арзууну жүрөктөгү эзген менен, Ааламга жар саламын ырдай, ырдай. Жамгырда чогуу басып атырган таң, Түбөлүк чыкпай келет акылымдан. Азыр да жамгыр төксө нөшөрлөтүп, Тасмадай мезгил өтөт көз алдымдан. Кайырма: Окшотуп добушуңду сенин күлкүң, Шыбыртың кулагыма бекем түйдүм. Жамгырдан сени бөлүп карай албай, Жалындап экөөңдү тең бирдей сүйдүм.
  • Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай, Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын. Ак чуудалуу булут көчүп аскадан, Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын. Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп, Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган, Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым. Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда, Акак таштуу булак ыры жаңырган. Ак чөлмөктүн кызыгына берилип, Жайдын жумшак буурул таңын атырган. Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун, Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган, Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым. Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп, Жорго минип жол учугун улаган. Ат жалында шамал менен жарышып, Тоолуктардын мукам ырын ырдаган. Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын, Айта берип түгөтө албас эч качан, Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
  • Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!
  • Аруузатым, ай чырагым, аппагым, Сени көрүп мен тазара баштадым. Карегиңде жүргөн экен катылып, Качанкы бир мен жоготкон асманым. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн, Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм. Өзүң менен айыкчудай сезилип, Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм. Кайырма: Тагдыр, мени каалагандай калчадың, Акың калса, алып бүтчү, чарчадым. Жаштык узап кете электе бир жолу, Жашоо берчи жашылындай арчанын. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.