Казахские песни Узбекские песни

Песня «Унутпадым»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аралап шаар ичин басып жүргөн,
Андагы ак буурул түн эсиңдеби?
Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан,
Оттору Фрунзенин кечиндеги.

Убакыт суудай акты, унутпадым,
Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү.
Ал түндү айта бердим жетине албай,
Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди.

Үн катпай мени тиктеп бак-дарактар
Жүрөктө сагынчыма карашкансып
Негедир канаттуулар учуп өтсө
Сезилет сени көздөй бараткансып

Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай,
Азыр мен амалым жок алыс жакта…
Түшүмдө күндө сени жолуктурам,
Ырахмат миң мертебе махабатка.

Другие песни исполнителя:

  • Башкаларга баркың билинбей, Жүрсөң деле көптүн бириндей. Жашоо берген өңдүү а мага, Жагымдуусуң жаздын гүлүндөй, эй, гүлүндөй. Кайырма: Махабатым Чолпон жылдыздай, Көз талдырат көркүң кундуздай. Көргөн сайын көөнүм арбалып, Адатым бар ичтен бир сызмай. Абалымды сезер болсоңчу, Кушум болуп колго консоңчу. Көңүл үчүн кээде бир жолу, Көз кырыңды салып койсоңчу. Кайырма: Наристесиң Чолпон жылдыздай, Көз талдырат көркүң кундуздай. Көргөн сайын көөнүм арбалып, Адатым бар ичтен бир сызмай. Башкаларга баркың билинбей, Жүрсөң керек көптүн бириндей. Жашоо берген өңдүү а мага, Жүрсөң керек жаздын гүлүндөй. Кайырма: Махабатым Чолпон жылдыздай Көз талдырат көркүң кундуздай Көргөн сайын көөнүм арбалып Адатым бар ичтен бир сызмай Наристесиң Чолпон жылдыздай, Көз талдырат көркүң кундуздай. Көргөн сайын көөнүм арбалып, Адатым бар ичтен бир сызмай.
  • Бийиктен түшкөн мөлтүр суу, Берметтей күнгө жалтырап. Сездирип салкын илебин, Аскага тийип жанчылат. Манаттай күйүп кыр жапкан, Жел өпсө тоонун гүлүнөн. Капчыгай өңдүү күүлдөп, Алдастайт менин дүнүйөм. Алыста жүргөн жан курбум, Жарыма окшоп өзүмдүн. Көзүмдөн учуп карааның, Өрүктөй болуп эзилдим. Көргөзбөй коюп таптакыр, Жетүүгө мага туш кылбай. Көкүрөк санаа, көңүлдөр, Камоодо калган туткундай. Жарыгы болгон мезгилдин, Жарымы күн да, жарымы ай. Тагдырдан күтсөм неликтен? Таптырбай кеттиң, жаным, ай. Кыйчалыш жолдун айынан, Калсам да мезгил өткөрүп. Өзүңө бирөө көз салса, Өрттөнүп кетем, өрттөнүп. Шуулдап күмүш бариктер, Жел жүрсө муздак сыдырым. “Сагындым сизди, агай”,- деп, Жалооруп чыкты шыбырың. Көңүлгө түшүп көп санаа, Көзүмдүн жашын кулатып. Колдоруң булгап канаттай, Карааның турду узатып. Кең дүйнө болуп керемет, Кебимдин таппай кыябын. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым. Калкылдап барам кайдадыр, Каркыра болуп кыялым
  • Бир көрүп, капысынан караганың, Карегим карегиңе кадалганын. Ушундай унутулгус нерсе болду, Жазыксыз жүрөгүмдү жараладың. Арзуум сезимдерди араласын, Канткенде ак сүйүүнү таба аласың, Ишеним эки жактан тең болсун деп, Кош жүрөк күмөндүктү санабасын. Кайырма: Ыраазымын тагдырыма, сүйүүнүн актыгына, Буйругун бир өзүңдөн, таптым мына Сүйүнүч нуру толсун, өчпөгөн бакыт консун, Табышкан ак сүйүүбүз түбөлүк бирге болсун… Жүрөгүм алоолонуп жанып барат, Мен үчүн укмуштуудай сезим жанат Жаштыктын унутулгус бул күндөрү Түбөлүк эч өчпөстөн эсте калат. Кайырма:
  • Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай, Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын. Ак чуудалуу булут көчүп аскадан, Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын. Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп, Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган, Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым. Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда, Акак таштуу булак ыры жаңырган. Ак чөлмөктүн кызыгына берилип, Жайдын жумшак буурул таңын атырган. Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун, Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган, Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым. Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп, Жорго минип жол учугун улаган. Ат жалында шамал менен жарышып, Тоолуктардын мукам ырын ырдаган. Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын, Айта берип түгөтө албас эч качан, Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
  • Ашыкмын сиздей периге, Айталбайм сырым демигем. Адамды мынча кыйнабай Айттырбай билсең эмине? Кызыгам сиздей периге, Кыйналам чындап демиге. Кишини мынча чуркатпай, Кыйнабай билсең эмине?! Күлгөндө күлкүң күмүш үн, Күлгүндөй кыздын Күнүсүң. Күйүттү тартып жүрүшүм, Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн? Күдөрүм такыр үзгүм жок, Күйгүзүп сүйүү үмүтүн. Жарк эттиң күлгүн күлүшүң, Жайдары кыздын гүлүсүң. Жалынга түшүп, күйүшүм, Жаркыным, айтчы, ким үчүн? Жаныңдан асты чыккым жок Жандырып сүйүү үмүтүн. Көрүшкөн күнүм салтанат, Көркүңдөн күн, ай жалтанат, Көркөмүң жанды көксөтүп, Көмөкөйдөн бал тамат. Көрүшпөй калсам, Көксулуум Көнөктөп көздөн жаш тамат. Жолуккан күнүм салтанат, Жоодураган келбетиң, Жогортон күн, ай жалтанат. Жолукпай калсам, Көксулуум Жошулуп көздөн жаш тамат. Бетегелүү белдейим, Белги берип чакырсаң, Белгиңе кантип келбейин? Жайлоодо белес, кырдайым, Жаштардан чыккан, Көксулуум, Жамалың төгүп ырдайын. Жарашкан перим экенсиң, Жалтанбай карап ырдайын. Абдан сонун жарашкан, Ак седеп таккан чыптамаң. Ак көйнөкчөн келатсаң, Ак куудай көлдө куп гана. Ааламда жок сулуулук, Арнаган экен кудурет, Атайлап берип бир сага. Көркөмү сонун жарашкан, Көк мончок таккан чыптамаң. Көк шайы көйнөк кийинсең, Көк өрдөк көлдө куп гана. Коштогон экен табийгат, Баарын кош колдоп сунуп, бир сага. Ыргалып үйдөн чыкпайсың, Ышкы отуна берилип, Ырдасам, ырым укпайсың. Кылгырып үйдөн чыкпайсың. Кызыктуу иштен кеп козгоп Кыйкырсам үнүм укпайсың. Белден коён качырып, Иле албадым, Көксулуу. Эми тагдыр не болот Биле албадым, Көксулуу? Жолдон түлкү качырып, Жете албадым, Көксулуу. Жеткизбестен душманга, Кете албадым, Көксулуу. Алты канат ак үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Алтымыш эки сулуунун, Периштеси Көксулуу. Жети бир канат боз үйдүн, Кериштесиң, Көксулуу. Жетимиш эки сулуунун чиркин, Периси сенсиң, Көксулуу. Теңтуштан тагдыр кошподу, Телтору тандап ат чапсам, Телторум аттан озбоду. Теңирим салды бул кайгы, Тек жаткан дартым козгоду. Тепкедей чактан бир жүргөн, Теңибиз кыйнайт окшоду. Курдаштан тагдыр кошподу. Куладан тандап ат чапсам, Кубантып аттан озбоду. Кудайым салды бул ишке, Кусадар дартым козгоду. Куушуп ойноп, бир жүргөн Курдаштык кыйнайт окшоду. Көңүлдүн назик ышкы отун, Козготосуң, Көксулуу. Көчтөн калган тайлактай Боздотосуң, Көксулуу. Саяпчы салган боз куштай, Саматасың, Көксулуу. Сагындырып адамды Саргайтасың, Көксулуу. Өлүп калсам, калармын, Өлбөй тирүү бар болсом, Өзүмдүк кылып алармын! Аман болсом табармын, Антташып койгон сөз үчүн Ажыратып алармын!