Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кутуу»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бийиктен түшкөн мөлтүр суу,
Берметтей күнгө жалтырап.
Сездирип салкын илебин,
Аскага тийип жанчылат.
Манаттай күйүп кыр жапкан,
Жел өпсө тоонун гүлүнөн.
Капчыгай өңдүү күүлдөп,
Алдастайт менин дүнүйөм.
Алыста жүргөн жан курбум,
Жарыма окшоп өзүмдүн.
Көзүмдөн учуп карааның,
Өрүктөй болуп эзилдим.
Көргөзбөй коюп таптакыр,
Жетүүгө мага туш кылбай.
Көкүрөк санаа, көңүлдөр,
Камоодо калган туткундай.
Жарыгы болгон мезгилдин,
Жарымы күн да, жарымы ай.
Тагдырдан күтсөм неликтен?
Таптырбай кеттиң, жаным, ай.
Кыйчалыш жолдун айынан,
Калсам да мезгил өткөрүп.
Өзүңө бирөө көз салса,
Өрттөнүп кетем, өрттөнүп.
Шуулдап күмүш бариктер,
Жел жүрсө муздак сыдырым.
“Сагындым сизди, агай”,- деп,
Жалооруп чыкты шыбырың.
Көңүлгө түшүп көп санаа,
Көзүмдүн жашын кулатып.
Колдоруң булгап канаттай,
Карааның турду узатып.
Кең дүйнө болуп керемет,
Кебимдин таппай кыябын.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым.
Калкылдап барам кайдадыр,
Каркыра болуп кыялым

Другие песни исполнителя:

  • Айтчы деги кимде айып? Өзүң деле билесиң. Уйку бербей тынчыраак, Неге түшкө киресиң? Наристедей ээрчишип, Териппиз го гүлдөрүн. Түнт токойду аралап, Тыңшап куштун үндөрүн. Ийип башын булбулдар, Махабатты чалышты. Кол булгалап бардыгы, Узатышып калышты. Паана кылып түшүмдү, Бет алдыма кармаймын. Мүмкүн мени сүйөр деп, Өзүмдү-өзүм алдаймын. Антсем дагы канчалык, Сен башканы сүйөсүң. Уйку бербей бирок да, Түшкө кирип жүрөсүң. Айтчы деги кимде айып, Өзүң деле билесиң. Уйку бербей тынчыраак, Неге түшкө киресиң?
  • Нарыным, Күн-түнү күрпүлдөп толкуп-ташкан. Агымың, Күмүш жал күлүктөй күүлөп аккан. Ат арытып, Алтайдан эр Манас, ата-бабам. Ыйык тутуп, Мүрөктүн суусу деп сени тапкан. Кайырма: Шаң менен, Шарпылдап агасың капчыгайдан. Көрк талашып, Турасың нур чачып көктөгү айдан. Түбөлүк, Кыргыздын канындай жүрүп турган. Жарыгың өчпөс, Шам экен ыйыгым, Нарын дайрам. Күүлөнүп, Күү чертип көбүрөт тунук шарың. Ыргалат, Булбулу сайраган кайың-талың. Пейили кенен, Ырыстуу эл менен өсүп жатат. Бала шаарым, Жээгиңде жаркырап көрктүү Нарын. Кайырма: Нарыным, Чөл, талаа сен менен гүлгө айланат. Агымың, Нур чачат, сен менен күнгө айланып. Сүйүүм күчөйт, Өзүңө күн сайын сугум артып. Ар бир ырым, Баратат сени менен күүгө айланып. Кайырма: Нарыным, Бак-таалай кут болуп ага берсин. Агымың, Күүлөнүп күч-кубат ала берсин. Укумдан-тукумга соолубас өмүр берип. Кылымдап агып, Кылымга от болуп жана берсин.
  • Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай, Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын. Ак чуудалуу булут көчүп аскадан, Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын. Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп, Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган, Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым. Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда, Акак таштуу булак ыры жаңырган. Ак чөлмөктүн кызыгына берилип, Жайдын жумшак буурул таңын атырган. Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун, Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган, Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым. Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп, Жорго минип жол учугун улаган. Ат жалында шамал менен жарышып, Тоолуктардын мукам ырын ырдаган. Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын, Айта берип түгөтө албас эч качан, Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.
  • Кечип таштап данктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан. Кайырма: Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Тоскоол мага боло албаган Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан. Кайырма: Махабаттын дайрасын кечип, Кумарланып жүрөктү эзип, Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан. Кайырма: