Казахские песни Узбекские песни

Песня «Балалыкты эңсоо»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак боз үйлөр жипке тизген шурудай,
Жашыл төрдүн ээлеп оюн- жылгасын.
Ак чуудалуу булут көчүп аскадан,
Тоо мемиреп тыңшап үнүн улардын.
Шүүдүрүмдү аралай чаап жүгүрүп,
Жашыл төрдө кулун, тайдай туйлаган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.

Айлуу түндө сүтак сайрап маңдайда,
Акак таштуу булак ыры жаңырган.
Ак чөлмөктүн кызыгына берилип,
Жайдын жумшак буурул таңын атырган.
Чоң энемдин тыңшап сыйкыр жомогун,
Кыялдардын дүйнөсүнө тартылган,
Балалыкка күчөйт эңсөөм, кумарым.

Кашка-Суунун ак чабагын үркүтүп,
Жорго минип жол учугун улаган.
Ат жалында шамал менен жарышып,
Тоолуктардын мукам ырын ырдаган.
Өмүрүмдүн гүл азыгын, башатын,
Айта берип түгөтө албас эч качан,
Балалыкка, күчөйт эңсөөм, кумарым.

Другие песни исполнителя:

  • Толгонайдай жарык нур бар көзүңдө Касиет бар кубат берген сөзүңдө Бул өмүрдүн кемчилигин, кемчилигин толуктап Мен издеген асылдык бар өзүңдө Кайырма: Пейилиңдин кенендиги марттыгы Жан дүйнөңдүн байлыгы да, актыгы Теңир сенден аябаган эч нерсе Мага жагат сабырыңдын, сабырыңдын сактыгы Элим десе жанын үрөп элирген Жерим десе делбиримдей делбирген Кайда жүрбө кандай күндө, кандай күндө болбогуң Амандыгың тилеп келем жан биргем Кайырма: Ар намыстуу, улутчул да жан келет Актык үчүн ойлонбостон жан берет Курманжандай ар-намыска, ар-намыска төрөлгөн Сендей айым кылымдарга бир келет Кайырма:
  • Кечип таштап данктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан. Кайырма: Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Тоскоол мага боло албаган Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан. Кайырма: Махабаттын дайрасын кечип, Кумарланып жүрөктү эзип, Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан.
  • Карагаттай көздөрүңдү сагынам, Кыйын экен жаштык сага багынган. Күтө, күтө жете албадым зарыгып, Айтчы, жаным, качан сага жолугам? Кайырма: Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн, Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм. Мен музыка, сен врачсың эл үчүн, Дартка даба дарыларды бересиң. Ашыктыктан айыкпаган дартымды, Дарыласын сенин гана элесиң. Кайырма: Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн, Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм. Сагынамын, сансыз ойго батамын, Жолугушуп качан көңүл ачамын? Сен дарылап көп жашасын адамдар, Тилектештик саламымды жар салам. Кайырма: Элмира, Элмира, кызматың эл үчүн, Кыйналдым сен үчүн, үзүлбөйт сенден үмүтүм. Көздөрүң карагат, жүрөктү жаралап, Жүрсөң бир болду саламат, Элмира.
  • Талкалап баарын бүттүң, Эң назик көңүлдөрдү. Текебер мүнөзүңө, Үмүттөр көмүлгөнбү? Үмүттөр көмүлгөнбү? Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Мурдагы жакшы көрүү. Жашабайт сезимдерде. Кайрылып келбейм сага. Көз жашың төгүлгөндө. Көз жашың төгүлгөндө. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. А азыр башка менин, Жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, Мени эстеп кайгырбагын. Мени эстеп кайгырбагын. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы.
  • Аруузатым, ай чырагым, аппагым, Сени көрүп мен тазара баштадым. Карегиңде жүргөн экен катылып, Качанкы бир мен жоготкон асманым. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Кайран жаштык өткөнчө, Кайрылбаска кеткенче. Карындашым, кагылайын, мага бир жолук. Бир уу жылан сойлоп өтүп сүйүүмөн, Бир заматта ойрон болгон дүнүйөм. Өзүң менен айыкчудай сезилип, Өзүм билбейм неге мынча сүйүнөм. Кайырма: Тагдыр, мени каалагандай калчадың, Акың калса, алып бүтчү, чарчадым. Жаштык узап кете электе бир жолу, Жашоо берчи жашылындай арчанын. Кайырма: Карайлаган көңүлүмө нур толуп, Кайра баштан төгүлөйүн ыр болуп. Арман болуп дүнүйөм, Айрылганча сүйүүдөн. Аруузатым, айланайын, мага бир жолук.