Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кок сулуу»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ашыкмын сиздей периге,
Айталбайм сырым демигем.
Адамды мынча кыйнабай
Айттырбай билсең эмине?
Кызыгам сиздей периге,
Кыйналам чындап демиге.
Кишини мынча чуркатпай,
Кыйнабай билсең эмине?!
Күлгөндө күлкүң күмүш үн,
Күлгүндөй кыздын Күнүсүң.
Күйүттү тартып жүрүшүм,
Күлгөнүң, айтчы, ким үчүн?
Күдөрүм такыр үзгүм жок,
Күйгүзүп сүйүү үмүтүн.
Жарк эттиң күлгүн күлүшүң,
Жайдары кыздын гүлүсүң.
Жалынга түшүп, күйүшүм,
Жаркыным, айтчы, ким үчүн?
Жаныңдан асты чыккым жок
Жандырып сүйүү үмүтүн.
Көрүшкөн күнүм салтанат,
Көркүңдөн күн, ай жалтанат,
Көркөмүң жанды көксөтүп,
Көмөкөйдөн бал тамат.
Көрүшпөй калсам, Көксулуум
Көнөктөп көздөн жаш тамат.
Жолуккан күнүм салтанат,
Жоодураган келбетиң,
Жогортон күн, ай жалтанат.
Жолукпай калсам, Көксулуум
Жошулуп көздөн жаш тамат.
Бетегелүү белдейим,
Белги берип чакырсаң,
Белгиңе кантип келбейин?
Жайлоодо белес, кырдайым,
Жаштардан чыккан, Көксулуум,
Жамалың төгүп ырдайын.
Жарашкан перим экенсиң,
Жалтанбай карап ырдайын.
Абдан сонун жарашкан,
Ак седеп таккан чыптамаң.
Ак көйнөкчөн келатсаң,
Ак куудай көлдө куп гана.
Ааламда жок сулуулук,
Арнаган экен кудурет,
Атайлап берип бир сага.
Көркөмү сонун жарашкан,
Көк мончок таккан чыптамаң.
Көк шайы көйнөк кийинсең,
Көк өрдөк көлдө куп гана.
Коштогон экен табийгат,
Баарын кош колдоп сунуп, бир сага.
Ыргалып үйдөн чыкпайсың,
Ышкы отуна берилип,
Ырдасам, ырым укпайсың.
Кылгырып үйдөн чыкпайсың.
Кызыктуу иштен кеп козгоп
Кыйкырсам үнүм укпайсың.
Белден коён качырып,
Иле албадым, Көксулуу.
Эми тагдыр не болот
Биле албадым, Көксулуу?
Жолдон түлкү качырып,
Жете албадым, Көксулуу.
Жеткизбестен душманга,
Кете албадым, Көксулуу.
Алты канат ак үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Алтымыш эки сулуунун,
Периштеси Көксулуу.
Жети бир канат боз үйдүн,
Кериштесиң, Көксулуу.
Жетимиш эки сулуунун чиркин,
Периси сенсиң, Көксулуу.
Теңтуштан тагдыр кошподу,
Телтору тандап ат чапсам,
Телторум аттан озбоду.
Теңирим салды бул кайгы,
Тек жаткан дартым козгоду.
Тепкедей чактан бир жүргөн,
Теңибиз кыйнайт окшоду.
Курдаштан тагдыр кошподу.
Куладан тандап ат чапсам,
Кубантып аттан озбоду.
Кудайым салды бул ишке,
Кусадар дартым козгоду.
Куушуп ойноп, бир жүргөн
Курдаштык кыйнайт окшоду.
Көңүлдүн назик ышкы отун,
Козготосуң, Көксулуу.
Көчтөн калган тайлактай
Боздотосуң, Көксулуу.
Саяпчы салган боз куштай,
Саматасың, Көксулуу.
Сагындырып адамды
Саргайтасың, Көксулуу.
Өлүп калсам, калармын,
Өлбөй тирүү бар болсом,
Өзүмдүк кылып алармын!
Аман болсом табармын,
Антташып койгон сөз үчүн
Ажыратып алармын!

Другие песни исполнителя:

  • Аралап шаар ичин басып жүргөн, Андагы ак буурул түн эсиңдеби? Ойгонуп уйкусунан жымыңдашкан, Оттору Фрунзенин кечиндеги. Убакыт суудай акты, унутпадым, Ачылган аппак гүлдөй күлгөнүңдү. Ал түндү айта бердим жетине албай, Калтырбай бул дүйнөгө билгенимди. Үн катпай мени тиктеп бак-дарактар Жүрөктө сагынчыма карашкансып Негедир канаттуулар учуп өтсө Сезилет сени көздөй бараткансып Эстеймин элесиңди көзүмдү талбай, Азыр мен амалым жок алыс жакта… Түшүмдө күндө сени жолуктурам, Ырахмат миң мертебе махабатка.
  • Талкалап баарын бүттүң, Эң назик көңүлдөрдү. Текебер мүнөзүңө, Үмүттөр көмүлгөнбү? Үмүттөр көмүлгөнбү? Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Мурдагы жакшы көрүү. Жашабайт сезимдерде. Кайрылып келбейм сага. Көз жашың төгүлгөндө. Көз жашың төгүлгөндө. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. А азыр башка менин, Жанымдай сүйгөн жарым. Түбөлүк коштошомун, Мени эстеп кайгырбагын. Мени эстеп кайгырбагын. Кайырма: Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Жүрөктөр сенсиз кагып. Ыйлады дагы, дагы. Кол шилтеп кете бердим. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы. Кош эми сүйүү багы.
  • Алыстан сага келем, алыс жактан, Элесиң тынчымды алып, учат куудай. Ал мени десте кармап тосподу, Ошондо тээ алыска узатчудай. Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле? Бүт тааныш, көзгө сүйкүм туш тарабым, Гүлзарлар кудум биздин убактагы. Жаштарга кыналышкан суктанамын, Биз сындуу биздин ошол курактагы. Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле? Ал мени сезиминен чыгарыптыр, Жалгыз сен кайтып мага, гүл кармадым. Ак сүйүм ак гүлүңдө калыптыр, Дайым жаш, дайым сырдуу гүлзарларым! Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
  • Көгүш кымкап жер жамынып көктөмдө, Көктөм булут мөлтүр жашын төккөндө. Мен атайлап бир кайрылдым кечээрээк Биз жашынмак ойноп жүрчү өстөнгө. Эске албай элеп жамгыр төккөнүн, Жар боорунан жаркын гүлдөр издедим. Алар да жок, бирок эсте калыптыр, Чуркап өткөн сенин, менин издерим. Көрчү-көрчү, кыял, чиркин, шашканын, Көзгө элестейт беш көкүлдүү жаш чагым. Балалык кез эске түшүп ушунча, Байкабапмын жүрөгүмдүн сыздаарын, Билбептирмин жүрөгүмдүн сыздаарын.
  • Эстесем көлдүн кууларын, Эстеймин сени, Мунарым. Ал күндүн тагы өчпөгөн, Азыр да эстеп турамын. Көңүлүм сүйгөн ынагым, Көл жээги турган турагың. Көрүнүп калып капыстан, Көйгөйгө салдың, Мунарым. Он алты жашта курагым, Ойлоно берип куурадым. Оймоктой бала кезимде, Оймоктой бала чагымда, Ок атып койдуң, Мунарым. Көл дагы турду мелтиреп, Көңүлгө көп ой энчилеп. Жалжалым, өзүң узаттың, «Жайында кайра келчи» деп. Албырып оттой жанамын, Айткандан кантип танамын? Жаңылбайм айткан антымдан, Жайында сага барамын. Сезимдин өрттү тынчытпай, Сезондо сага барамын, Сезондо кайра барамын, Жайында кайра барамын.