Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карындаш ай»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Анчалык эмне үзүлүп карадың ай,
Алтыным, менден нени самадың ай?
Жактырып мен да отурдум бет маңдайда,
Жылдызын төгүп турган кабагыңды ай.
Карындаш ай,
Жылдызын төгүп турган кабагыңды ай.
Тигилип карегиме каректерин,
Титиреп бүткөн боюм электедим.
Өзүңө болгон экен табышмак сыр,
Өчүрбөй обон кылып керектедим.
Карындаш ай,
Өчүрбөй обон кылып керектедим.
Ошончо көп адамды көзгө илбей,
Анчалык не тиктедиң көз ирмебей?
Көзүңө көзүм менен жооп беремин,
Тиктешип отурабыз эми бирдей.
Карындаш ай,
Тиктешип отурабыз эми бирдей.

Другие песни исполнителя:

  • Арнаймын сага ырымды, Лейли, Айтайын болгон сырымды, Лейли. Арналган алтын белегим ушул, Ардактап туткун мунумду, Лейли. Жоодурап анча кадала, Лейли, Жүрөгүмдү эзип караба, Лейли. Жүзүмдөй бышкан мөлтүрөп күздө, Жүзүңдөн жаным, садага, Лейли. Тал чыбыктай буралган, Лейли, Тараз бир боюң кыналган, Лейли. Теңдеши жок сулууга сендей, Тең кылабы бул жалган, Лейли? Кашкая тартып, күлөсүң, Лейли, Канжарсыз толтом тилесиң, Лейли. Кайгыңды тартып камоодо жүрөм, Мунумду качан туясың, Лейли? Улуу бир тоого чыгалы, Лейли, Улардын үнүн угалы, Лейли. Уларча сайрайт чын ашык деген, Ушуну даана туялы, Лейли. Ак шайы, жибек жоолукчан, Лейли, Алмалуу бактан жолуксак, Лейли. Алкымыңан кангыча жыттап, Айыкпас дарттан соолуксам, Лейли. Ак кептер болуп консоңчу, Лейли, Ак шумкарың болсомчу, Лейли. Ак ала зоого алпарып анан, Алкымыңан сорсомчу, Лейли. Көк кептер болуп консоңчу, Лейли, Көк шумкарың болсомчу, Лейли. Көк ала зоого көтөрүп барып, Көмөкөйүңдөн сорсомчу, Лейли. Эр Семетей, Айчүрөктөй, Лейли, Эл козутуп, сүрөтпөй, Лейли. Эриш-аркак өтсөкчү бирге, Эгиз бүткөн жүрөктөй, Лейли. Желкайып менен Байыштай, Лейли, Жабыгып ордо кайышпай, Лейли. Сүйүүнүн даамын татсакчы бирге, Курманбек менен Каныштай, Лейли. Алдыда аска, үстү таш, Лейли, Аскада калган Кожожаш, Лейли. Өмүр бою өрттөнүп сүйгөн, Зулайкадай жарлар аз, Лейли. Тинатин, Нестан-Дарежан, Лейли, Дүйнөгө даңкы тараган, Лейли. Сүйгөнүнө акыры жетип, Чын ашык болгон арадан, Лейли. Кулмырза менен Аксаткын, Лейли, Гүлүндөй эгиз бакчанын, Лейли. Сүйүүдөн жанган шам болуп алар, Көзүнө түшөт өз жактын, Лейли. Олжобай менен Кишимжан, Лейли, Бири таеже, бири жээн, Лейли. Кыйылды кырчын курактан алар, Ойлогон сайын кейитет, Лейли. Ак Мөөр менен Болоттой, Лейли, Хан каарын сезип, тоготпой, Лейли. Ашыктан шейит болушкан алар, Айтылып калды жомоктой, Лейли. Темиркул акын айтылуу, Лейли, Телмире жазган Айсулуу, Лейли. Теңдеши жок өзүнөн башка, Тең келет ага кай сулуу, Лейли? Кызылды кийсең, жарашат, Лейли, Кызыгып элдер карашат, Лейли. Кадыркеч кылып ала көр, жаным, Кайран жаш өтүп баратат, Лейли. Жашылды кийсең, жарашат, Лейли, Жарданып элдер карашат, Лейли. Жароокер кылып ала көр, жаным, Жалын жаш өтүп баратат, Лейли. Кызыл бир парча көйнөкчөн, Лейли, Кыялай бассаң бөйрөктөн, Лейли. Кылыгыңды бир жолу сезип, Кылчайбас жакка мен кетсем, Лейли. Жашыл бир парча көйнөкчөн, Лейли, Жайкала бассаң бөйрөктөн, Лейли. Жамалыңды бир жолу жыттап, Жалганымдан мен өтсөм, Лейли. Бул дүйнөдөн мейли өтсөм, Лейли…
  • Алыстан сага келем, алыс жактан, Элесиң тынчымды алып, учат куудай. Ал мени десте кармап тосподу, Ошондо тээ алыска узатчудай. Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле? Бүт тааныш, көзгө сүйкүм туш тарабым, Гүлзарлар кудум биздин убактагы. Жаштарга кыналышкан суктанамын, Биз сындуу биздин ошол курактагы. Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле? Ал мени сезиминен чыгарыптыр, Жалгыз сен кайтып мага, гүл кармадым. Ак сүйүм ак гүлүңдө калыптыр, Дайым жаш, дайым сырдуу гүлзарларым! Кайырма: Гүлзарлар, жалгыз келдим, кечиргиле! Жанымда силер билчү сүйгөнүм жок. Унчукпайсың, сездиң беле, сездиң беле?
  • Турам тыңшап селейип үн катпастан, Дирилдеткен кусалык добушуңду. Чертким келди менин да ушул күүнү, Бирок корком албаймын комузумду. Кайырма: Жок, жок менин уккум келет башкача үндү, Жазгырбас жарыгына ишеничтүү. Жок, жок менин сезгим келет дүйнөдөгү, Сагынычтын саргайбас албуут күчүн. Коштоор элем мукамдуу батына албайм, Үнсүз, тилсиз кысылат эт жүрөгүм. Кимсиң деги бейтааныш күндүр – түндүр, Сагынычтан, кусадан алсыраган. Кайырма: Турам тыңшап селейип үн катпастан, Дирилдеткен кусалык добушуңду. Чертким келди менин да ушул күүнү, Бирок корком албаймын комузумду.
  • Кечип таштап данктан, атактан, Келечегин издеп бараткан. Кайгылуу шер дүйнө кыдырат, Кайдасың сен, Нестан-Дарежан. Кайырма: Ак сүйүүнүн дайрасын кечип, Азап-кайгы жүрөктү эзип. Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Тоскоол мага боло албаган Тонгон муздуу, ызгаар Бадахшан: Тоону тешип өтөм сен үчүн, Тосуп чыкчы, Нестан-Дарежан. Кайырма: Махабаттын дайрасын кечип, Кумарланып жүрөктү эзип, Алоолонуп күйүп баратам, Ал ансайын сүйүп баратам. Аялзаттан башкача сезип… Күнү-түнү чыкпай санаамдан, Күйгөн шамсың мен деп жаралган. Күйүт мени мыжып жатса да, Күдөр үзбөйм, Нестан-Дарежан. Кайырма: