Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кара кыз»
исполнителя Аскат Мусабеков.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Балабыз да, анда балабыз,
Көч-көч ойноп көлгө барабыз.
Бир муштумдап бизди башкарган,
Сен атаман, сенсиң кара кыз.
Кайырма:
Кара кыз, ай, айтчы, кара кыз,
Ал күндөрдү кайдан табабыз?
Балалыкты абдан сагындым,
Жүрчү кайра көлгө барабыз.
Ойноокпуз да, анда ойноокпуз,
Келин алмай оюн ойноппуз.
Сен төрөйсүң, ата болсом да,
Баёолук, ай, бир өөп койбопмун.
Кайырма:
Кара кызым, сени сагынам,
Агардыңбы азыр багыңдан?
Эстейм сени күзгүнү карап,
Бетимдеги салган тагыңан.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Билет элең жүрөк туйласа, Кымыздыктай болуп куураарым. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу сенден сураарым. Сөзгө сөздү араң уладым, Оо, Жами… Сага арнап төрт сап курадым, Ой, Жами… Угуп койчу махабат ырды, Сен үчүн деп ырдап турамын. Кайырма: Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами, Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами. Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами, Даниярың болоюн сенин, Болоюн сенин… Билемин мен уулуңду дагы, Колуңдагы шакегиң барын. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу мага бир, жаным. Эбептен мен себеп табамын, Бир күнү үйүңө мен кирип барамын. Ой, Жами… Жүрөктөгү болгон сырымды, Көздү жумуп айтып саламын. Кайырма:
  • Көп кабаттуу көп үйлөрдүн артында Сен да мендей, мен тарапты караарсың. Түнкү шамдар шуулдаган теректер Кыйма-чийме жолдорго көз салаарсың Кыйма-чийме жолдорго көз салаарсың. Сен да мендей, жумуп аста көзүңдү Элесимди көз алдыңан өткөрүп. Көңүлүңдү санаа басып тургандыр Сагынычтан көкүрөгүң өрттөнүп. Сагынычтан көкүрөгүң өрттөнүп. Кусалыктар бүтпөчүдөй сезилип Жолугушчу күндөрүбүз кечигип. Жаныбызда жүргөн менен канчалар Жан чыдагыс жалгыздыкты кечирип. Жан чадагыс жалгыздыкты кечирип. Жакын элең, жашап атып бир шаарда Бирибизди көрүүгө зар бирибиз. Бирок, биздин бир-бирине агылып Жолугушуп, жуурулушат дилибиз Жолугушуп, жуурулушат дилибиз. Жуурулушат дилибиз.
  • Ат жайлоо кенен жайыгым Аралаш конуп айылым. Ажайып көңүл сергиген Аскаңдан көрсөм кайыгым. Абаңдан сергип чоңоюп Айдадым талант кайыгым. Тизеден келген тулаңым Чоң кечүү, жорго булагым. Таң сүрө жайып чыкчумун Төрүңө козу улагым. Талпынып ушу төрүңдөң, төрүңдөн Таалайым тапкан убагым. Айланам сенден Богоштум Апакем түндүк тарткан жер. Арчадан кынап мага арнап Атакем комуз чапкан жер Ал эми шар суу өзөнүм, өзөнүм Адамга талант тапкан жер. Кирпигим сылап өткөн жер Киндик бир каным төккөн жер. Кызматым сендик Богуштум Кылымдап атам өткөн жер. Кусадар болуп кеогенде, келгенде Кучагын жайган көктөм жер.