Казахские песни Узбекские песни

Песня «алатайдын ары жагынан»
исполнителя Кубаныч Сатаев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Мөлтүрөгөн тунук булак шылдырап, Назик желге жазгы жамгыр тыбырап. Махабаттын өлбөс күүсүн терметип, Тээ алыстан торгой үнү угулат, угулат. Кайырма: Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Келбейлиби бак аралап бир басып, Көңүлдөгү айтылбаган сырларды, Чечпейлиби бирге олтуруп, сырдашып. Эй, кыздар, эй, кыздар, эй, кыздар, Жүрбөйлүбү айлуу түндө бир басып. Жымыңдашкан жылдыздардын алдында, Кол кармашып сүйүү ырын, Кол кармашып жаштык ырын, Шаттык ырын ырдашып. Кеч да кирди, көктө жылдыз жымыңдап, Ай баратат сүйүү ырына ыр улап. Ээнсиреген бак дарактар арасы, Кыз-жигиттер келсе экен деп шыбырайт.
  • Жаңы эле даамын татаарда, Бир келген сүйүү бактысын. Кабарың, дайның билинбей, Кай жакка (ай) кеттиң, ак кушум. Кайырма: Ак кушум ай, ак кызым, Бирге жүрчү гүлүңдөй. Кайда жүрөсүңбелгисиз? Кабар, дайыныңбилинбей? Билинбей, билинбей, Бирге жүрчү гүлүңдөй. Кайда жүрөсүңак кушум, Күтөм дале түңүлбөй. А балким менден жакшыраак, Бактыңа бирөө туш болуп. Кондуңбу анын шагына, Койкойгон аппак куш болуп. Кайырма. Ар түркүн ойлор жаралып, Чыга албай койдум соңуна. Белгисиз учуп кеттиңсен, Бактыңа, же бир шоруңа.
  • Жалгыз сезип мен өзүмдү бул дүйнөдө, Жеткис болуп жүргөн элем сүйгөнүмө. Жаңырыгы жеткен беле арманымдын, Кайдан келдиң окшоп көлдүн чүрөгүнө? А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Салыштырып бул өмүрдүн мүрөгүнө. Аз күн өттү, окшоп бирок кылымдарга, Алым жетпей мен өзүңдү унутарга. Издеп сени таппай келем, түн бир оокум, Окшоштуруп элесиңди жылдыздарга. А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Сен бар үчүн бул ааламда сүйүү бардай. Бир көрүүгө зар болдум го карааныңды, Эске салып сенин сүйкүм жамалыңды. Балким, сен да мендей болуп жүргөндүрсүң, Кыйнабастан айтсаң боло абалыңды. А мен сени эмнегедир жакшы көрөм, Окшоштуруп унутулгус элестерге.
  • Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай… Кайырма: А күйдүм, а күйдүм ай, Неге эле сени сүйдүм ай? Сүйдүм, сүйдүм, сүйдүм ай, Неге эле сен деп жүрдүм ай? Жүронүң эле элден такыр башкача, Күлгөнүң тунук эле таптаза. Эңсебеске арга жок, эңсегенде пайда жок, Эмне кылам капырай, сыртым жалын ичим чок. Кайырма: Сен мени салдың жаным неге кайгыга? Мен сенден калдым минтип айрыла. Бирге жүрүп жок болдуң, ичте күйгөн чок болдуң, Кайда кеттиң капырай, эс учумдан тандыра ай…