Казахские песни Узбекские песни

Песня «обон кулку»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Силер бар ар бир үйдө майрам бар Күн болуп күлүп жангандар Кучагын мээрим толо жайгандар Ал эне билсең ал аял Аялзат арабызда кыйналган Сыйдан да калат кур калган Ал күчүн чыгарса да ыйлардан Кыйноого салба бул жалган Кайырма: Азапты тарткан неге аял Ал жанды барбы жан аяр Жаштыгын бүтүн берсе дагы Балдары кайда таянаар Мамиле кылсаң ага аяр Гүл болуп ачылат аял Баарына болгон дайым даяр Бактылуу болсун аялдар Турмуш деп жүрөт аял жарышта Мекенден көбү алыста Кор кылбай асыл эне кыздарды Жигиттер келчи намыска Түйшүктүн сүйрөп ал кемесин Тагдырдын көргөн ал жемесин Бүтпөгөн сыноолорго жеңилбей Ичиңен курчуп келесиң
  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясына уйкусурап жатканча. Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың?
  • Өмүрүмдүн жалгыз арманы, Өкүнүчтүн жансыз салмагы. Өзүң деген ыйык тилегим, Өргө жетпей өксүп калганым. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Чулгап алып мени кусалык, Сени күткөн күндөр узарып. Өмүр токтоп ошол ирмемдер, Отургансыйм жылбай тушалып. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Салаалаган ысык жаш тамып, Самабадым неге башканы? Жазда кирген албуут дайрадай, Сагынычымдын ашып-ташканы. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.