Казахские песни Узбекские песни

Песня «кечирип кой»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Өмүрүмдүн жалгыз арманы,
Өкүнүчтүн жансыз салмагы.
Өзүң деген ыйык тилегим,
Өргө жетпей өксүп калганым.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
Чулгап алып мени кусалык,
Сени күткөн күндөр узарып.
Өмүр токтоп ошол ирмемдер,
Отургансыйм жылбай тушалып.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
Салаалаган ысык жаш тамып,
Самабадым неге башканы?
Жазда кирген албуут дайрадай,
Сагынычымдын ашып-ташканы.
Кайырма:
Кечирип кой, жаным, эрмегим,
Кымбатымсың, кыйбасым менин.
Түбөлүктүү сенин энчиңе,
Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.

Другие песни исполнителя:

  • Ар бир үйдүн шам чырагы өчпөсүн Көнүлүбүз кайгы мууңга чөкпөсүң Бул жашоону белек кылган ата-эне Үйдүн куту төрүбүзгө көрк берсин Кайырма: Атакем асыл жаным Апакем күйгөн шамым Кудайым өмүр берсе Актаймын жеген наным Карегим жанган күнүм Ата-энем кубатым Силерде бейишимдин ачкычы жашоом үчүн Ата -энем ак өргөбуз бүткөн нурдан Түркүгүн үйүбүздүн тиреп ыйман Бакубат карылыкты насип этсин Кудайым айрыбасын урмат сыйдан
  • Сен өзү кандайсың, айтканды укпайсың Күндүз да, кечке уктайсың. Мен айтсам эжеке түшүнө албайсың, Жаштыкты неге сындайсың. Дос менен кызыктуу ар бир саатым, Жаштыгым жалынын чачсын. Ай иним достор деп жүрө берсең сен, Үй-бүлө качан курасың? Кайырма: Кыздарды тааныштыр эже, Мен сага жеңе эмесмин. Мен тапсам жакпаса сизге, Инимдин тапканын жаман дебесмин. Иним оо, шам чыгарымсың, Эжекем сен да бактымсың. Суранам өз жарың тапчы, Ниет бар шаштырба, жүрөк жактырсын. Сен өзүң барбасаң алар билишпейт, Жөн эле үмүт беришпейт. Мен айтсам эжеке түшүнө албайсың, «Үйлөн деп» неге кыйнайсың. Мен жашмын кызыктуу, бойдок күндөрүм, Бир күнү мен да сүйөрмүн. Курагың жыйырма бешке келсе да, Ойлонбой неге жүрөсүң?!
  • Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман, Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан. Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган, Кандай жансың көз отумду байкабай калган? Кайырма: Сырга айланган, ырга айланган, Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан? Акылдан алдың, азапка салдың. Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан, Акылдан алдың, азапка салдың. Сага деген армандарым айтылбай калды, Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды. Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит, Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.