Казахские песни Узбекские песни

Песня «ата-эне»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ар бир үйдүн шам чырагы өчпөсүн
Көнүлүбүз кайгы мууңга чөкпөсүң
Бул жашоону белек кылган ата-эне
Үйдүн куту төрүбүзгө көрк берсин

Кайырма:

Атакем асыл жаным
Апакем күйгөн шамым
Кудайым өмүр берсе
Актаймын жеген наным
Карегим жанган күнүм
Ата-энем кубатым
Силерде бейишимдин ачкычы жашоом үчүн

Ата -энем ак өргөбуз бүткөн нурдан
Түркүгүн үйүбүздүн тиреп ыйман
Бакубат карылыкты насип этсин
Кудайым айрыбасын урмат сыйдан

Другие песни исполнителя:

  • Силер бар ар бир үйдө майрам бар Күн болуп күлүп жангандар Кучагын мээрим толо жайгандар Ал эне билсең ал аял Аялзат арабызда кыйналган Сыйдан да калат кур калган Ал күчүн чыгарса да ыйлардан Кыйноого салба бул жалган Кайырма: Азапты тарткан неге аял Ал жанды барбы жан аяр Жаштыгын бүтүн берсе дагы Балдары кайда таянаар Мамиле кылсаң ага аяр Гүл болуп ачылат аял Баарына болгон дайым даяр Бактылуу болсун аялдар Турмуш деп жүрөт аял жарышта Мекенден көбү алыста Кор кылбай асыл эне кыздарды Жигиттер келчи намыска Түйшүктүн сүйрөп ал кемесин Тагдырдын көргөн ал жемесин Бүтпөгөн сыноолорго жеңилбей Ичиңен курчуп келесиң
  • Сүйүүдөн тапкан белегим, Сүйөнөр тоом, жөлөгүм. Нур болуп кирдиң сен үйүмө, Көксөгөн үмүт-тилегим. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң. Шылдырап аккан булагым, Жаныма эрмек ынагым. Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп, Сагынып гана турамын. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң. Каткырсаң балкып кетемин, Асманга учуп жетемин. Булуттай болгон жүрөгүм, Садагаң болуп кетейин. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң.
  • Сүйсөн мени бул жерге Таштап кете албайсың Унутам деп алдаба Унута да албайсың Канатыңа канатмын Бийиктерге бирге учкан Жалгыз таштап сен мени Эркин уча албайсың Кайырма: Жарыңмын жаныңмын Жаркыраган таңыңмын Жанымдын жарымы Жаркыраган айымы Сүйсөн мени бул жерге Таштап кете албайсың Унутам деп алдаба Унута да албайсың Максатыбыз бир биздин Ойлорубуз бир биздин Сөздөрүбүз бир биздин Жүрөгүбүз бир биздин Мен өзүңдү эч качан Таштап кете албаймын Сен анткени жашоомдун Мазмунусуң ар дайым
  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча