Казахские песни Узбекские песни

Песня «жыпарым»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сүйүүдөн тапкан белегим,
Сүйөнөр тоом, жөлөгүм.
Нур болуп кирдиң сен үйүмө,
Көксөгөн үмүт-тилегим.
Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
Шылдырап аккан булагым,
Жаныма эрмек ынагым.
Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп,
Сагынып гана турамын.
Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.
Каткырсаң балкып кетемин,
Асманга учуп жетемин.
Булуттай болгон жүрөгүм,
Садагаң болуп кетейин.
Кайырма:
Жыпарым, жыттуум, шириним,
Күн болуп көктөн төгүлдүң.
Арчадан болду бешигиң,
Арчадай болсун өмүрүң.

Другие песни исполнителя:

  • Ак гүлдөрдөн топу токуган, Кезди эстеп, эстеп олтурам. Тосуп чыксам деймин кайра да азыр, Балалыктын чаңдуу, чаңдуу жолунан. Кайырма: Балалыкка баргым келет, Түбөлүккө мен калгым келет. Көпөлөктөй конгум келет, Балалыгым, сени сагындым. Жүрөгүмдү кусалык ээлеген, Таба албаймын балалыкты эч жерден. Сени эстеймин, сени сагынам, Өзүң болдуң бүтпөс эскермем. Кайырма: Балалыкка баргым келет, Түбөлүккө мен калгым келет. Көпөлөктөй конгум келет, Балалыгым, сени сагындым.
  • Бир өзүң бол даба болгон дартыма, Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма. Бир өзүң бол жашоодогу боёгум, Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Кайырма: Бир өзүң бол ырларымдын башаты, Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты. Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн, Турмушумдун колдоочусу, насааты, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм, Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм. Бир өзүң бол оргуштаган булагым, Мүрөк болуп кандырчудай кумарым, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Кайырма: Бир өзүң бол ырларымдын башаты, Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты. Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн, Турмушумдун колдоочусу, насааты, Жанымдан артык сүйөмүн сени.
  • Ооруган дүйнөмө таппай даба, Отурам сезимдин отун жага. Сен кайла жүрөсүң мерез жаным, Сүйүүмдү арнасам сага гана. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Мен сага ошентип таарынганда, Кусалык жоолугун салынганда Сүртө албай куюлган көз жашымды. Сүйүүмө бүгүлүп багынганда. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Сага гана, сага гана
  • Армансыз жашоо болбойт бул жалганда Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын О кайран жаштык күндөр өтүп жатат Кантейин эми жете албадым армандамын Кайырма: О жаштык күн кайда Биз өткөргөн түн кайда Махабатка кумар канбай Биз сунушкан гүл кайда Тоо жаңырта обон созгон Мага тааныш үн кайда Күлдүрүп күндөн күнгө ачыласың Жомоктогу пери сымал азгырасың Өзүңсүз кайран күндөр өтүп жатат А мен арман дайрасында агыламын Жүрчү жаным кетеличи тээ алыска Колду шилтеп ушак сөзгө кур намыска Эң бактылуу күндөр балким алдыдадыр Жетелечи бизди күнкөн чоң бакытка