Казахские песни Узбекские песни

Песня «балалыгым сени сагындым»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ак гүлдөрдөн топу токуган,
Кезди эстеп, эстеп олтурам.
Тосуп чыксам деймин кайра да азыр,
Балалыктын чаңдуу, чаңдуу жолунан.
Кайырма:
Балалыкка баргым келет,
Түбөлүккө мен калгым келет.
Көпөлөктөй конгум келет,
Балалыгым, сени сагындым.
Жүрөгүмдү кусалык ээлеген,
Таба албаймын балалыкты эч жерден.
Сени эстеймин, сени сагынам,
Өзүң болдуң бүтпөс эскермем.
Кайырма:
Балалыкка баргым келет,
Түбөлүккө мен калгым келет.
Көпөлөктөй конгум келет,
Балалыгым, сени сагындым.

Другие песни исполнителя:

  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясына уйкусурап жатканча. Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың?
  • Келгенде эле сиздин айылга, Көңүлүм сүйүп, ашыкмын. Керемет экен, оо, жигит, Сүрөлү доорун жаштыктын. Көңүлдү көтөр жаз болуп, Көрбөгөм, ай, сиздей жаш болуп. Айрылсам эгер, оо, жигит, Арманда өтөм жаш болуп. Көп ырдап сизге ырларды, Көңүлдө жара ырбады. Жашоомдо эч бир өчпөгөн, Жүрөктү жалын чырмады.
  • Ачылган сүйүү багы, Тамчылайт сүйүү балы. Жазгы сүйүүгө окшоп, Багынып кайра дагы. Кайырма: Элестейт бул өткөн күндөрүм менин, Сагынып сага келем, сүйүүмдү ырдап берем. Унута албайм сени, алгачкы сүйүүм, Өзүңдү издеп келем, ырымды ырдап берем. Ошол сүйүүнүн деми, Сагындырды го мени. Ырбаткан ал жарамды, Кайрадан жаз да келди. Кайырма: Элестейт бул өткөн күндөрүм менин, Сагынып сага келем, сүйүүмдү ырдап берем. Унута албайм сени, алгачкы сүйүүм, Өзүңдү издеп келем, ырымды ырдап берем.
  • Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман, Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан. Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган, Кандай жансың көз отумду байкабай калган? Кайырма: Сырга айланган, ырга айланган, Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан? Акылдан алдың, азапка салдың. Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан, Акылдан алдың, азапка салдың. Сага деген армандарым айтылбай калды, Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды. Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит, Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.