Казахские песни Узбекские песни

Песня «журокту жалын чырмады»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Келгенде эле сиздин айылга,
Көңүлүм сүйүп, ашыкмын.
Керемет экен, оо, жигит,
Сүрөлү доорун жаштыктын.
Көңүлдү көтөр жаз болуп,
Көрбөгөм, ай, сиздей жаш болуп.
Айрылсам эгер, оо, жигит,
Арманда өтөм жаш болуп.
Көп ырдап сизге ырларды,
Көңүлдө жара ырбады.
Жашоомдо эч бир өчпөгөн,
Жүрөктү жалын чырмады.

Другие песни исполнителя:

  • Өмүрүмдүн жалгыз арманы, Өкүнүчтүн жансыз салмагы. Өзүң деген ыйык тилегим, Өргө жетпей өксүп калганым. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Чулгап алып мени кусалык, Сени күткөн күндөр узарып. Өмүр токтоп ошол ирмемдер, Отургансыйм жылбай тушалып. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин. Салаалаган ысык жаш тамып, Самабадым неге башканы? Жазда кирген албуут дайрадай, Сагынычымдын ашып-ташканы. Кайырма: Кечирип кой, жаным, эрмегим, Кымбатымсың, кыйбасым менин. Түбөлүктүү сенин энчиңе, Тун сүйүүмдү арнап бергенмин.
  • Ооруган дүйнөмө таппай даба, Отурам сезимдин отун жага. Сен кайла жүрөсүң мерез жаным, Сүйүүмдү арнасам сага гана. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Мен сага ошентип таарынганда, Кусалык жоолугун салынганда Сүртө албай куюлган көз жашымды. Сүйүүмө бүгүлүп багынганда. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Сага гана, сага гана
  • Канча жыл күттүм өзүңдү, Кай жакта жүрдүң көрүнбөй. Канча жыл түштүм артыңдан, Кайберен кууган мергендей. Кайырма: Жаңылбай сага кабылдым, Жазатпай оогум тийгизем. Азапка түртүп ийсең, да, Акыры сени сүйдүрөм. Аскасы бийик тоо болсоң, Ак карын болом кетпеген. Жалбырттап күйгөн от болсоң, Жалының болом өчпөгөн. Кайырма: Агыны катуу суу болсоң, Алдыңа түшкөн таш болом. Сездирбей өткөн куракта, Сен үчүн кайра жаш болом.
  • Жашоо жакшы жер басып күн көрсө адам, Кудайдын бул дүйнө деген гүл багында Бул жашоонун кумарына канып-канбай, Кербен сымал келет адам, кетет кайра Ушундай экен, айтың достор Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн. Кайырма: Жолугушабыз, жолугушабыз, жолугушабыз, Ширин арзуу, үмүттөргө чулганалы. Кетер дүйнө көңүлдөрдү капалантпай, Чын жүрөктөн сагынышып жолугалы. Бул дүйнөнүн өмүр деген дайрасында Учат күндөр, ай-жылдарга алмашып. Жакшы адамдар көп болгула арабызда, Жакшы сөзүн айтып көңүл кубандырган. Ушундай экен, айтың достор Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн.