Казахские песни Узбекские песни

Песня «сагынганда»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Ооруган дүйнөмө таппай даба,
Отурам сезимдин отун жага.
Сен кайла жүрөсүң мерез жаным,
Сүйүүмдү арнасам сага гана.
Кайырма:
Гүл терип чачыма тагынганда,
Күнүгө Кудайга жалынганда.
Келсе деп сен жактан кабар күтүп,
Мен сени ошентип сагынганда.
Мен сага ошентип таарынганда,
Кусалык жоолугун салынганда
Сүртө албай куюлган көз жашымды.
Сүйүүмө бүгүлүп багынганда.
Кайырма:
Гүл терип чачыма тагынганда,
Күнүгө Кудайга жалынганда.
Келсе деп сен жактан кабар күтүп,
Мен сени ошентип сагынганда.
Сага гана, сага гана

Другие песни исполнителя:

  • Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт, Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт. Тиктешиң тамашалап турган өңдүү, Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп? Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп? Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк, Сезимге бир башкача ой түшүрөт. Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе, Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп, Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп. Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң, Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Эгерде бирөө болсо менден бөлөк, Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк. Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес, Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп. Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
  • Сени мага жолуктурду жылдыздуу асман, Жүрөгүмдө толуп турду махабат дастан. Экөөбүздү бөлүп турду бул дүйнө жалган, Кандай жансың көз отумду байкабай калган? Кайырма: Сырга айланган, ырга айланган, Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан? Акылдан алдың, азапка салдың. Жан, жан, жан, Жолуктуң кайдан, Акылдан алдың, азапка салдың. Сага деген армандарым айтылбай калды, Сени дегдеп көңүл черим жазылбай калды. Сезимдерди чокко салдың, бейтааныш жигит, Сарсанаадан калган күнүм арылбай калды.
  • Канча жыл күттүм өзүңдү, Кай жакта жүрдүң көрүнбөй. Канча жыл түштүм артыңдан, Кайберен кууган мергендей. Кайырма: Жаңылбай сага кабылдым, Жазатпай оогум тийгизем. Азапка түртүп ийсең, да, Акыры сени сүйдүрөм. Аскасы бийик тоо болсоң, Ак карын болом кетпеген. Жалбырттап күйгөн от болсоң, Жалының болом өчпөгөн. Кайырма: Агыны катуу суу болсоң, Алдыңа түшкөн таш болом. Сездирбей өткөн куракта, Сен үчүн кайра жаш болом.
  • Силер бар ар бир үйдө майрам бар Күн болуп күлүп жангандар Кучагын мээрим толо жайгандар Ал эне билсең ал аял Аялзат арабызда кыйналган Сыйдан да калат кур калган Ал күчүн чыгарса да ыйлардан Кыйноого салба бул жалган Кайырма: Азапты тарткан неге аял Ал жанды барбы жан аяр Жаштыгын бүтүн берсе дагы Балдары кайда таянаар Мамиле кылсаң ага аяр Гүл болуп ачылат аял Баарына болгон дайым даяр Бактылуу болсун аялдар Турмуш деп жүрөт аял жарышта Мекенден көбү алыста Кор кылбай асыл эне кыздарды Жигиттер келчи намыска Түйшүктүн сүйрөп ал кемесин Тагдырдын көргөн ал жемесин Бүтпөгөн сыноолорго жеңилбей Ичиңен курчуп келесиң