Казахские песни Узбекские песни

Песня «суротуно»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт,
Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт.
Тиктешиң тамашалап турган өңдүү,
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп?
Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк,
Сезимге бир башкача ой түшүрөт.
Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе,
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп.
Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп,
Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп.
Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң,
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп.
Эгерде бирөө болсо менден бөлөк,
Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк.
Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес,
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөк толкуп ашыга, Гүлдөй жайнап ачыла. Сезимдерди арнадым, Жаным, сенин гана атыңа. Көрбөй калсам сагынам, Көздөрүңө жалынам. Асылкечим, ардагым, Сени жакшы көрөм баарынан. Кайырма: Жүрөгүм сен деди, өзүңдү эңседи, Жалгызым болдуң сен эми. Сүйүүнүн бешигин өзүң деп термедим, Жаз болуп мага кел дедим. Кубанам бактыма, жанымда барыңа, Ак сүйүү толкуп канымда. Сүйөмүн бир сени мен, жаным, Мени таштаба. Жок нерсемди бар кылган, Сүйүү отун жандырган, Жалгыз гана бир өзүң. Жаным, махабатка мас кылган, Жарыктай жалжылдаган. Сен барда чексиз аалам, Зор бакыт тартуулаган, Сүйүүгө кылбайм мен арман.
  • Жашоо жакшы жер басып күн көрсө адам, Кудайдын бул дүйнө деген гүл багында Бул жашоонун кумарына канып-канбай, Кербен сымал келет адам, кетет кайра Ушундай экен, айтың достор Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн. Кайырма: Жолугушабыз, жолугушабыз, жолугушабыз, Ширин арзуу, үмүттөргө чулганалы. Кетер дүйнө көңүлдөрдү капалантпай, Чын жүрөктөн сагынышып жолугалы. Бул дүйнөнүн өмүр деген дайрасында Учат күндөр, ай-жылдарга алмашып. Жакшы адамдар көп болгула арабызда, Жакшы сөзүн айтып көңүл кубандырган. Ушундай экен, айтың достор Неге эми ырдабайлы сиздер үчүн.