Казахские песни Узбекские песни

Песня «мажрум талл»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде, Жалгызырап сүзөт көлдүн бетинде. Күз келгенде бөтөн куштар топтолду, Үйрү менен жылуу жакка кетүүгө. Кайырма: Аянычтуу аппак куунун калганы, Айсыз түндө азап күүсүн чалганы. Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го, Ак куулардын, ак куулардын арманы Кыш келгенче кайра учуп кетерде, Жабыркабай өз тобуна жетерде, Ким ойлоптур сулууларды өмүрдөн Жалгыз, жалгыз өтөр деп. Кайырма:
  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча
  • Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт, Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт. Тиктешиң тамашалап турган өңдүү, Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп? Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп? Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк, Сезимге бир башкача ой түшүрөт. Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе, Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп, Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп. Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң, Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Эгерде бирөө болсо менден бөлөк, Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк. Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес, Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп. Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.
  • Ооруган дүйнөмө таппай даба, Отурам сезимдин отун жага. Сен кайла жүрөсүң мерез жаным, Сүйүүмдү арнасам сага гана. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Мен сага ошентип таарынганда, Кусалык жоолугун салынганда Сүртө албай куюлган көз жашымды. Сүйүүмө бүгүлүп багынганда. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Сага гана, сага гана