Казахские песни Узбекские песни

Песня «ак куулардын арманы»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде,
Жалгызырап сүзөт көлдүн бетинде.
Күз келгенде бөтөн куштар топтолду,
Үйрү менен жылуу жакка кетүүгө.
Кайырма:
Аянычтуу аппак куунун калганы,
Айсыз түндө азап күүсүн чалганы.
Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го,
Ак куулардын, ак куулардын арманы
Кыш келгенче кайра учуп кетерде,
Жабыркабай өз тобуна жетерде,
Ким ойлоптур сулууларды өмүрдөн
Жалгыз, жалгыз өтөр деп.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Ооруган дүйнөмө таппай даба, Отурам сезимдин отун жага. Сен кайла жүрөсүң мерез жаным, Сүйүүмдү арнасам сага гана. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Мен сага ошентип таарынганда, Кусалык жоолугун салынганда Сүртө албай куюлган көз жашымды. Сүйүүмө бүгүлүп багынганда. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Сага гана, сага гана
  • Аста басып, аярданып туруп турчу, сулуу кыз, Алтын баалуу сөз айтайын, угуп турчу, сулуу кыз. Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз. Эгер сүйсөң кадырыма жетер белең, жаш жигит, Жүрөгүмдө терең сырды чечер белең, жаш жигит? Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит. Талыкпастан бирге ойноп жүрөр белең, сулуу кыз? Талаайыма табыштырса сүйөр белең, сулуу кыз? Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз. Жүрөгүмө сүйүү отун жагасыңбы, жаш жигит? Саамайыма жаздын гүлүн тагасыңбы, жаш жигит? Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит. Кымбат баалуу жаш өмүрдүн баркын билгин, жаштар, ай, Кырчын убак кайрылбасын баалай билгин, жаштар, ай. Э-эй, жаштар, ай, о-ой, жаштар, ай.
  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча
  • Бир өзүң бол даба болгон дартыма, Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма. Бир өзүң бол жашоодогу боёгум, Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Кайырма: Бир өзүң бол ырларымдын башаты, Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты. Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн, Турмушумдун колдоочусу, насааты, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм, Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм. Бир өзүң бол оргуштаган булагым, Мүрөк болуп кандырчудай кумарым, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Кайырма: Бир өзүң бол ырларымдын башаты, Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты. Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн, Турмушумдун колдоочусу, насааты, Жанымдан артык сүйөмүн сени.