Казахские песни Узбекские песни

Песня «жаштар ай»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Аста басып, аярданып туруп турчу, сулуу кыз,
Алтын баалуу сөз айтайын, угуп турчу, сулуу кыз.
Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз.
Эгер сүйсөң кадырыма жетер белең, жаш жигит,
Жүрөгүмдө терең сырды чечер белең, жаш жигит?
Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит.
Талыкпастан бирге ойноп жүрөр белең, сулуу кыз?
Талаайыма табыштырса сүйөр белең, сулуу кыз?
Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз.
Жүрөгүмө сүйүү отун жагасыңбы, жаш жигит?
Саамайыма жаздын гүлүн тагасыңбы, жаш жигит?
Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит.
Кымбат баалуу жаш өмүрдүн баркын билгин, жаштар, ай,
Кырчын убак кайрылбасын баалай билгин, жаштар, ай.
Э-эй, жаштар, ай, о-ой, жаштар, ай.

Другие песни исполнителя:

  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясына уйкусурап жатканча. Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың?
  • Ак гүлдөрдөн топу токуган, Кезди эстеп, эстеп олтурам. Тосуп чыксам деймин кайра да азыр, Балалыктын чаңдуу, чаңдуу жолунан. Кайырма: Балалыкка баргым келет, Түбөлүккө мен калгым келет. Көпөлөктөй конгум келет, Балалыгым, сени сагындым. Жүрөгүмдү кусалык ээлеген, Таба албаймын балалыкты эч жерден. Сени эстеймин, сени сагынам, Өзүң болдуң бүтпөс эскермем. Кайырма: Балалыкка баргым келет, Түбөлүккө мен калгым келет. Көпөлөктөй конгум келет, Балалыгым, сени сагындым.
  • Алыстан сапар тартып, Айдың кеч кербен келет. Тааныштай ээрчип аны, Көк менен булут сүзөт. Шыңгыры коңгуроонун, Угулат кулагыма. Алаксыйт көңүл кушум, Ашыктык ырларына. Кайырма: Сырдашып аппак булут, Ырдасам ыйлап барат. Гүлгө окшоп турсам сонун, Аяйт го, атаганат. Дайрадай акканымды, Шамалдай шашканымды. Ак булут, ак куу болуп, Айта бар арманымды. Жымыңдап жылдыз көктө, Жылгада жатсаң көрөт. Апаппак булут менен, Кошулуп кетким келет. Кыйырсыз чексиз аалам, Бар болуп калганын көр, Ырчыга ошол дүйнө, Тар болуп калганын көр. Кайырма: Сырдашып аппак булут, Ырдасам ыйлап барат. Гүлгө окшоп турсам сонун, Аяйт го, атаганат. Дайрадай акканымды, Шамалдай шашканымды. Ак булут, ак куу болуп, Айта бар арманымды. Кабарлап койсоң кана, Үнүңдү угар болсом, Үмүткө жетелене, Сагынып күткөн болсоң. Ак булут айтып барар, Ак сүйүүм, махабатым. Кербендер айтып барар, Кусалуу жүрөк дартын. Кайырма: Сырдашып аппак булут, Ырдасам ыйлап барат. Гүлгө окшоп турсам сонун, Аяйт го, атаганат. Дайрадай акканымды, Шамалдай шашканымды. Ак булут, ак куу болуп, Айта бар арманымды.
  • Теректей бойлуу бир өзүң, Термеле басып жүрөсүң. Теңирим берген боюма, Тең болчу да сенин мүнөзүң. Жигиттин баары мырза эмес, Жигитке кыйын сызда деш. Кыскадыр боюм сен үчүн, Сүйүүм, ай, менин кыска эмес. Тагдырга болбой көңүл кош, Сөз айтсам, жигит, кулак тос. Зыңкыйып боюң, кербезден, Жактырба, ай, мейли, жолуң бош. Теректей бойлуу бир өзүң, Термеле басып жүрөсүң. Теңирим берген боюма, Тең болчу да сенин мүнөзүң.