Казахские песни Узбекские песни

Песня «бир озун бол»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Бир өзүң бол даба болгон дартыма,
Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма.
Бир өзүң бол жашоодогу боёгум,
Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм,
Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм.
Бир өзүң бол оргуштаган булагым,
Мүрөк болуп кандырчудай кумарым,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.
Кайырма:
Бир өзүң бол ырларымдын башаты,
Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты.
Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн,
Турмушумдун колдоочусу, насааты,
Жанымдан артык сүйөмүн сени.

Другие песни исполнителя:

  • Сүйүүдөн тапкан белегим, Сүйөнөр тоом, жөлөгүм. Нур болуп кирдиң сен үйүмө, Көксөгөн үмүт-тилегим. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң. Шылдырап аккан булагым, Жаныма эрмек ынагым. Көрбөсөм көөнүм бөксөрүп, Сагынып гана турамын. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң. Каткырсаң балкып кетемин, Асманга учуп жетемин. Булуттай болгон жүрөгүм, Садагаң болуп кетейин. Кайырма: Жыпарым, жыттуум, шириним, Күн болуп көктөн төгүлдүң. Арчадан болду бешигиң, Арчадай болсун өмүрүң.
  • Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча. Кайырма: Күттүм сени, Кайда жүрдүң? Кимдин колун кармадың? Эмне мынча жалдыратып, Эмне мынча алдадың? Күттүм сени, Шүүдүрүмдүн тамчылары акканча. Жеңелерим чака кармап, Сууну көздөй басканча. Күттүм сени, күттүм сени, Сен да мени күтөрсүң. Сүйгөндөрдүн кайыгына, Калагы жок түшөрсүң. Күттүм сени, Күн баткандан таң сүрүлүп атканча, Үкү келип, Уясынан уйкусурап жатканча
  • Сакта деп өзүң берген жалгыз сүрөт, Сакталуу ошол бойдон менде жүрөт. Тиктешиң тамашалап турган өңдүү, Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп? Неге сен, неге сен, неге сен түштүң экен күлүмсүрөп? Күлкүңө шектүү карап күткөн жүрөк, Сезимге бир башкача ой түшүрөт. Өкүнөм сен кайрылбай кеткениңе, Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Калбай деп, калбай деп, калбай деп эч болбосо беттен бир өөп. Өппөдүм, мен өппөйүн, өкүнүч көп, Мени алдап түшүмө окшоп кеттиң жөнөп. Байкатпай мурдагыдай жүргөндүрсүң, Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Башкалардын, башкалардын, башкалардын жүрөгүнө башың жөлөп. Эгерде бирөө болсо менден бөлөк, Же тытып сүрөтүңдү, же өрттөмөк. Мен тытпайм, күнөө сенде, сүрөттө эмес, Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп. Сүрөтүң, сүрөтүң, сүрөтүң жүрө берсин күлүмсүрөп.