Казахские песни Узбекские песни

Песня «уйлон иним»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сен өзү кандайсың, айтканды укпайсың
Күндүз да, кечке уктайсың.
Мен айтсам эжеке түшүнө албайсың,
Жаштыкты неге сындайсың.
Дос менен кызыктуу ар бир саатым,
Жаштыгым жалынын чачсын.
Ай иним достор деп жүрө берсең сен,
Үй-бүлө качан курасың?
Кайырма:
Кыздарды тааныштыр эже,
Мен сага жеңе эмесмин.
Мен тапсам жакпаса сизге,
Инимдин тапканын жаман дебесмин.
Иним оо, шам чыгарымсың,
Эжекем сен да бактымсың.
Суранам өз жарың тапчы,
Ниет бар шаштырба, жүрөк жактырсын.
Сен өзүң барбасаң алар билишпейт,
Жөн эле үмүт беришпейт.
Мен айтсам эжеке түшүнө албайсың,
«Үйлөн деп» неге кыйнайсың.
Мен жашмын кызыктуу, бойдок күндөрүм,
Бир күнү мен да сүйөрмүн.
Курагың жыйырма бешке келсе да,
Ойлонбой неге жүрөсүң?!

Другие песни исполнителя:

  • Тагдырыбыз табышса, булут жиреп бийиктерге учат элек Бирок неге орундалбай калды тилек Ардагым жоготкон алсыз жүрөк, сен деп жүрөт Бактым эле ашыгым, үчүт менен өзүңдү күтүп келем Таңда кечте адат болду күтүү деген Кымбатым кыялга батып терең, ойлой берем Элесиң келет мага төксө булут жашың Билемин сен да жаным мени унутпайсың Сагынып көрүүгө зарыгып Эмнеге айтчы асманымжы булут басты Жамгырдай агылат көзмөн тунук тамчы агылып Арманга кабылып Үмүтүмдү үзө албай сезим менен жашай берем Сезилбеген унутулгус махабатым сенсиң деген Түн менен сырдашып айды карап Жылдыз санап Кыялымда сага деп күүлөп канат сени көздөй учуп барат Баардык максат бир өзүңө багыт алат Жалгызым көз кырыңды сен салып кой Бир жанып кой
  • Келгенде эле сиздин айылга, Көңүлүм сүйүп, ашыкмын. Керемет экен, оо, жигит, Сүрөлү доорун жаштыктын. Көңүлдү көтөр жаз болуп, Көрбөгөм, ай, сиздей жаш болуп. Айрылсам эгер, оо, жигит, Арманда өтөм жаш болуп. Көп ырдап сизге ырларды, Көңүлдө жара ырбады. Жашоомдо эч бир өчпөгөн, Жүрөктү жалын чырмады.
  • Сүйсөн мени бул жерге Таштап кете албайсың Унутам деп алдаба Унута да албайсың Канатыңа канатмын Бийиктерге бирге учкан Жалгыз таштап сен мени Эркин уча албайсың Кайырма: Жарыңмын жаныңмын Жаркыраган таңыңмын Жанымдын жарымы Жаркыраган айымы Сүйсөн мени бул жерге Таштап кете албайсың Унутам деп алдаба Унута да албайсың Максатыбыз бир биздин Ойлорубуз бир биздин Сөздөрүбүз бир биздин Жүрөгүбүз бир биздин Мен өзүңдү эч качан Таштап кете албаймын Сен анткени жашоомдун Мазмунусуң ар дайым