Казахские песни Узбекские песни

Песня «унутпаймын»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Тагдырыбыз табышса, булут жиреп бийиктерге учат элек
Бирок неге орундалбай калды тилек
Ардагым жоготкон алсыз жүрөк, сен деп жүрөт
Бактым эле ашыгым, үчүт менен өзүңдү күтүп келем
Таңда кечте адат болду күтүү деген Кымбатым кыялга батып терең, ойлой берем
Элесиң келет мага төксө булут жашың Билемин сен да жаным мени унутпайсың
Сагынып көрүүгө зарыгып
Эмнеге айтчы асманымжы булут басты Жамгырдай агылат көзмөн тунук тамчы агылып
Арманга кабылып
Үмүтүмдү үзө албай сезим менен жашай берем
Сезилбеген унутулгус махабатым сенсиң деген
Түн менен сырдашып айды карап Жылдыз санап
Кыялымда сага деп күүлөп канат сени көздөй учуп барат
Баардык максат бир өзүңө багыт алат Жалгызым көз кырыңды сен салып кой Бир жанып кой

Другие песни исполнителя:

  • Жалгыз ак куу көрдүм өзөн четинде, Жалгызырап сүзөт көлдүн бетинде. Күз келгенде бөтөн куштар топтолду, Үйрү менен жылуу жакка кетүүгө. Кайырма: Аянычтуу аппак куунун калганы, Айсыз түндө азап күүсүн чалганы. Дүнүйөдө жалгыз калмай экен го, Ак куулардын, ак куулардын арманы Кыш келгенче кайра учуп кетерде, Жабыркабай өз тобуна жетерде, Ким ойлоптур сулууларды өмүрдөн Жалгыз, жалгыз өтөр деп. Кайырма:
  • Жаштык алып учат, жылдар барат узап, Эркин, эркин шамалдай. Мени, жанды тушап, мезгил баарын утат, Анан калам таба албай. Кайырма: Эх, кайда бала курагым, Бал татыган убагым, Сени издеп турамын. Эй, убакыт, суранамын, ашыкпачы, Эч кетпесин жанымдан жаштык жазы. Ай-күн өтсө бат-бат арты туман каптап, Аздан кетет го уурдалып. Алтын кез деп сактап, атың ойдо жатат, Ичтен жанат бир жарык.
  • Аста басып, аярданып туруп турчу, сулуу кыз, Алтын баалуу сөз айтайын, угуп турчу, сулуу кыз. Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз. Эгер сүйсөң кадырыма жетер белең, жаш жигит, Жүрөгүмдө терең сырды чечер белең, жаш жигит? Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит. Талыкпастан бирге ойноп жүрөр белең, сулуу кыз? Талаайыма табыштырса сүйөр белең, сулуу кыз? Э-эй, сулуу кыз, о-ой, сулуу кыз. Жүрөгүмө сүйүү отун жагасыңбы, жаш жигит? Саамайыма жаздын гүлүн тагасыңбы, жаш жигит? Э-эй, жаш жигит, о-ой, жаш жигит. Кымбат баалуу жаш өмүрдүн баркын билгин, жаштар, ай, Кырчын убак кайрылбасын баалай билгин, жаштар, ай. Э-эй, жаштар, ай, о-ой, жаштар, ай.