Казахские песни Узбекские песни

Песня «жаштык жаз»
исполнителя Айжамал Кабылова.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаштык алып учат, жылдар барат узап,
Эркин, эркин шамалдай.
Мени, жанды тушап, мезгил баарын утат,
Анан калам таба албай.
Кайырма:
Эх, кайда бала курагым,
Бал татыган убагым,
Сени издеп турамын.
Эй, убакыт, суранамын, ашыкпачы,
Эч кетпесин жанымдан жаштык жазы.
Ай-күн өтсө бат-бат арты туман каптап,
Аздан кетет го уурдалып.
Алтын кез деп сактап, атың ойдо жатат,
Ичтен жанат бир жарык.

Другие песни исполнителя:

  • Ооруган дүйнөмө таппай даба, Отурам сезимдин отун жага. Сен кайла жүрөсүң мерез жаным, Сүйүүмдү арнасам сага гана. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Мен сага ошентип таарынганда, Кусалык жоолугун салынганда Сүртө албай куюлган көз жашымды. Сүйүүмө бүгүлүп багынганда. Кайырма: Гүл терип чачыма тагынганда, Күнүгө Кудайга жалынганда. Келсе деп сен жактан кабар күтүп, Мен сени ошентип сагынганда. Сага гана, сага гана
  • Армансыз жашоо болбойт бул жалганда Деп айткан сөзүн эстейм акылмандын О кайран жаштык күндөр өтүп жатат Кантейин эми жете албадым армандамын Кайырма: О жаштык күн кайда Биз өткөргөн түн кайда Махабатка кумар канбай Биз сунушкан гүл кайда Тоо жаңырта обон созгон Мага тааныш үн кайда Күлдүрүп күндөн күнгө ачыласың Жомоктогу пери сымал азгырасың Өзүңсүз кайран күндөр өтүп жатат А мен арман дайрасында агыламын Жүрчү жаным кетеличи тээ алыска Колду шилтеп ушак сөзгө кур намыска Эң бактылуу күндөр балким алдыдадыр Жетелечи бизди күнкөн чоң бакытка
  • Бир өзүң бол даба болгон дартыма, Бир өзүң бол тагдыр кошкон багыма. Бир өзүң бол жашоодогу боёгум, Жалгыздыкта жолдош болгон жаныма, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Кайырма: Бир өзүң бол ырларымдын башаты, Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты. Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн, Турмушумдун колдоочусу, насааты, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Бир өзүң бол турмуштагы жөлөгүм, Бир өзүң бол менин тапкан дөөлөтүм. Бир өзүң бол оргуштаган булагым, Мүрөк болуп кандырчудай кумарым, Жанымдан артык сүйөмүн сени. Кайырма: Бир өзүң бол ырларымдын башаты, Бир өзүң бол өмүрүмдүн канаты. Бир өзүң бол мукам үнү жүрөктүн, Турмушумдун колдоочусу, насааты, Жанымдан артык сүйөмүн сени.