Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кеталбай жүрөм»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көлдүн жээгин бойлогон
Ар бир мүнөт мени сүйүп
Мени ойлогон
Сүрөтүң кана
Толкун менен ойногон
Күлкүң кана шыңгыр булак
Мен сүйүп тойбогон
Ошентип мен уктап ойгоном

Кайырма:

Мен сени сүйөм
Мен дагеле сени сүйөм
Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун
Айланып жүрөм
Мен кеталбай жүрөм
Мен сени келет деп жүрөм
Ыраа көрбөй сени башкага
Кыялбай сени башкага
Мен сени сагынып күтүп жүрөм

Көздөрүң кана
Көктөм жаздай жайнаган
Жүрөк туйлап бир караштан
Сезим кайнаган
Сөздөрүң кана
Мени жипсиз байлаган
Балыкчынын шамалындай
Жүзүм аймаган

Другие песни исполнителя:

  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма:
  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, Окуучулук өмүрүм деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап калганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим агайым, Кеч болсо да рахматымды айтайын. Кайырма: