Казахские песни Узбекские песни

Песня «Окуучулук кайыгым»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Актай кагаз алганмын,
Ак кайык жасаганмын,
Окуучулук өмүрүм деп жазганмын.
Аккан сууга салганмын,
Көпкө чуркап барганмын,
Узаганча кол булгалап калганмын.

Кайырма:
Агып кеткен окуучулук кайыгым,
Эми издеп таппай калдым дайынын.
Yнсүз тиктеп тоонун булагын,
Өткөндү эстеп бүгүн турамын,
Аттиң, менин ошол бала курагым.

Он жыл бирге туздашым,
Классташым, курдашым,
Аман болгун тагдыр кайда бурбасын.
Акыл айтчу ар дайым,
Эжелерим агайым,
Кеч болсо да рахматымды айтайын.
Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе, Күйдүрүп жүрөсүң неге? Үзүлчөөк биздин мамиле, Элдерге окшобойт неге? Сөзүңдү албадың беле, Сүйөм деп калбадың беле. Телефон кылам деп анан, Күттүрүп чалбадың неге? Чалбадым неге? Кайырма: Алдаба, алдаба сен, Чалбадың не, чалбадың го сен? Алдаба, алдабайм мен, Чаламын деп, чала албадым мен. Кечир деп барбадым беле, Кечиримди албадым беле. Чакырсам жолугушууга, Келемин деп калбадың беле. Элдердей жүрбөйбүз неге? Сүйүүбүз от албайт неге? Барам деп чыгынып жатып, Чын эле, барбадым неге? Келбедиң неге? Кайырма: Алдадым, алдадым мен, Барбадым мен, барбадым го мен. Алдаба, алдаба сен, Келемин деп, келбедиң го сен. Алдадым, алдадым мен, Жаманмын, жакшысың сен. Алдадым, алдадым мен, Жакшысың, жаманмын мен.
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, жаштык, жаштык, ай, Ай, курган мастык, ай. Өткөрдүк сени барктабай, Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.
  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма: