Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жаз айым»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз ырымды ачайын
Жандап келдиң жаз айым
Сагынычтан чарчаган
Саламымды айтайын
Кейигеним айтайын
Кирип келдиң жаз айым
Сусап турам сөзүңө
Сурап койчу ал жайын

Кайырма:

Өрүк гүлүн төккөндө
Жаз бетиңден өпкөндө
Неге жаным келем дедиң
Алдадың
Алма гүлүн төккөндө
Ак жамгырлар өткөндө
Анда дагы келем дедиң
Алдадың

Жашыл кийди Ала-Тоо
Жасанганы сага го
Жүзүң ачты байчечек
Жетип келчи садага го
Жомогубуз баяндуу
Жоромого айланды
Аалам сенсиз караңгы
Алып келчи майрамды

Кайырма:

Ак сүйүүмдү кучакта
Кайрылчы бир өткөндө
Келчи күтөм көктөмдө

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Барамын баратамын сага барам Кумарым кучагыңсыз тарабаган. Көзүн бар зар боломун бир көрүшкө А бирок жубайлыка жарабаган. Мен сага канча бардым санабаган Ар кундоп баратканда карабаган Сөзүң бар бир угууга зар боломун А бирок жубайлыка жарабаган. Кайырма: Жубайлыка жарабаган Жүрөгумду жаралаган Жан дүйнөмө тынчтык бербей аралаган Кечир мени, кечир жаным Эки дүйнө өтсө дагын, сага барам Барбайм дейм, кайра айланып сага барам Баргандан эч убакта тажабагам. Сүйүүм бар, билем ансыз жашай албайм А бирок жубайлыка жарабаган.
  • Күмүш, алтын жалбырактуу жаз күнүм Күлүп койсоң, күнүң чыгат наз гүлүм. Уяң карап жаш кезиңде жүрчү элең Уялбастан ошол катты жаз бүгүн. Таппадым мен сага теңдеш эч гүлүм Бир өткөн жок сени эстебей иш күнүм. Жашырынып көзүң ала каччу элең Жаным ошол сыр түйүнүн чеч бүгүн. Кайырма: Бир учалык улуу тоонун кушундай. Гулдестени терип мөңгү музундай. Экөөбүздү ажыратып бир кошкон Демек, жаным биздин тагдыр ушундай Жаным биздин тагдыр ушундай. Жаралгандай жалгыз мага, ай күнүм Жаркылдайсың, бубактайсың, ай гүлүм. Көңүлүңдү түйө байлап жүрчү элең Көкүрөккө чачтарыңды жай бүгүн. Суусагандыр буулуккандыр бак гүлү Сапырылсын сезимдериң чач бүгүн. Көрүнбөгүн сагынычтын берейин Көшөгөңдү көөдөнүмө ач бүгүн. Кайырма:
  • Сулуу жазып атымды актай барака Сууга келчү жолумду тосуп ак таңда Сага деген сезимим ушул дайрадай Агып өтчү алдыңдан сузуп аларда Кайырма: Жаш кыз элем анда секелек он жетиге жашым жете элек Жаштык сезим биз менен ойнойт Бирде сени мени жетелеп Биз сүйлөшчүк күлүп ак таң Бир күн өччү сени баткан Үзгүн дедиң үзбөдүм Көңүлүмдү сенин аяган Он жыл өтүп арадан эми жолуктук Кээде сени унутуп сен деп оорудум Баягыдай жылдыздуу жап жаш экенсиң Башын да эле болбосо аппак жолугуң