Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ак кеме»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Учуп чыгат көп кыялдын кээсинде,
Сагынычтан пайда болгон ак кеме.
Ошол кеме сүзүп барып айылыма,
Уулуңан деп салам айтат энеме.

Ошол кеме сүзүп барып айылыма,
Уулуңан деп салам айтат энеме.
Ошол кеме кусалыктын жарчысы,
Жан дүйнөмө жаралган го,
Жаралган го белекке.

Сүзгүн, кемем, тынбай, сүзө бергиниң,
Туйгум келип туулган жердин эргимин.
Атакемдин жытын эңсеп, сагындым,
Ала келгин энекемдин мээримин.

Атакемдин жытын эңсеп, сагындым,
Ала келгин энекемдин мээримин.
Көкүрөктө кусалыктын баарын айт,
Сагынычтуу салам ала,
Салам ала келгиниң.

Ошол кеме сүзүп барып айылыма,
Уулуңан деп салам айтат энеме.
Ошол кеме кусалыктын жарчысы,
Жан дүйнөмө жаралган го,
Жаралган го белекке.

Другие песни исполнителя:

  • Бакыттын ыйык гүлүн Махабат денизинде Арман ай үзө албадык Эрчишип сүзө албадык. Жанаша канат кагып Арман ай, уча албадык. Сезимдин сересинен эй Эмнеге чыга албадык. Кайрылбай сүйүү кушу Арман ай учуп кетти. Ансыз да ыза толгон Санаамды бузуп кетти. Жанында эриш аркак Арман ай боло албадым. Копуруп көөдөнүнө эй Көлкүлдөп толо албадым. Жанында болот эми Арман ай башка бирөө Тушунбойм эмне болдун эй Деги айтчы кимде кунөө Билбеймин эми сенсиз Арман ай, кантип жашайм. Жок болгон жан дүйнөмдү Кайра мен кантип жасайм.
  • Байке дечи, аке дечи, Ал сөзүңдү сагындым, бачым келчи. Бүгүн келчи, азыр келчи, Бүркөк асман дүйнөмдү, эй, ачып берчи. Агай дечи, ага дечи, Жаз күнүндөй жадырап, жайнап келчи. Жалгыз келчи, өзүң келчи, Азоо-улоо санаамды, эй, байлап берчи. Байке дечи, аке дечи, Ак куу болуп мен күткөн көлгө келчи. Учуп келчи, сүзүп келчи, Уйку качкан түнүңдү, эй, мага берчи. Күмүш-алтын торуңдан, Алтын-күмүш торуңдан качып келчи.
  • Жашылдан дүйнөбүздү, Жаным, күз айы саргайттыбы? Узартып арабызды, Кайра күз бизге калп айттыбы? Жан биргем, көз жашымды, Сенден жашырган сагынычымды. Жалындап жан дүйнөмө, Жаным, каткамын таарынычымды. А бирок кыш да келди, Аппак кар ала келди. Кайырма: Карачы бурганактайт аппак карлар, Өзүңдө биз издеген аруулук бар. Кайрадан акка бөлөп сезимдерди, Өзүңсүң жазыбызга алып барар. Учабыз эки куш сыяктанып, Тазарып дүйнөбүз гүл жыттанып. Аруула, аппак кар, Аруула, аппак кар. Аппак кар кирпигиңе консо, Көз жашка айланбасын. Муз болуп эрибесин, Жаным, көңүлгө байланбасын. Бир кезде оттой күйгөн, Ысык мамиле жаңылансын. Бозоргон сезим талаа, Кайра ак карга аруулансын. Кучактайм сени кыса, Көөдөндөн кетип ыза. Кайырма: