Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сеникиндей көздөр жок»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Текст песни не найден. Добавить?
Мы платим за добавление текста. Вам нужно авторизоваться, чтобы мы смогли вам заплатить
Отмена

Другие песни исполнителя:

  • Жаз айы, жамгыр басылбай, Жаралуу жүрөк жазылбай. Аскадай булут баскан, Көңүлүм менин ачылбай. Жалганчы жаздын демиби? Азгырып сени кеттиби? Жамгырга мени таштап, Жалооруп карап койбой, Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби? Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей. Көргөнгө сени көзүм зар, Айтайын деген сөзүм бар. Сактаган жүрөгүмдө, Арнаган сага сүйүүм бар. Кантемин сенсиз өмүрдү, Жамгырлуу, муздак көңүлдү? Күнөөлөйм ушул жаздай, Бир көрүп сүйүп калган, Сен деген жаш жүрөгүмдү. Кайырма: Эх, жаным, кичинекей, Кайдасың, байчечекей? А мен чабалекей, А мен чабалекей, Учамын сени издей.
  • Күнүм болуп дүнүйөмө баттыңбы Жүрөгүмө баттыңбы Сүйүү биздин бал ширинсин таттыңбы Көңүлүмө таттыңбы Мен тарапка дайра болуп агылып Дайра болуп актыңбы Сезимдерге жазып койдум саймалап Жаздым сенин атыңды Кайырма: Бүгүн жаным башкача бол башкача Ташкындачы өз нугунан ашканча Жоголушсун үзүлүшсүп топчулар Жомок бүтүп сүйүү таңын ашканча Сүйүү таңын ашканча Түн жамынып жаным келе жатканың Мага неге айтбадың Ишигилип бал уйкуда жатканмын Кайра неге кайтбадың Сезимдердин терезесин черткилеп Терезесин аттадың Сагындым деп моюнума оролдуң Ошондо болду айтканың
  • Жар салгыла бүт өрөөнгө аймакка Келин алдым бугун болдум кайната Жубайым ай сен да болдуң кайнене Кел эми жай дасторконуң жайната Баккам сени нанды туурап каймакка Буламыкка балды салып кайната Кечээ эле атаң болчум жөн эле Мына эми сен кылдың мени кайната Бугун болдум кайната Кайырма: Бүтүп жылдар айлар да Бир парзымдан кутулдум Эми эс алам жайлата Эми мен да кайната Жар салгыла аймакка Кымыз ичем кыр кырда Кырк жылкыны байлата Канча сени чоң жигитсиң дебейин Бөбөктайдай көрүп кетемин кетейин Алган жарың болсун экен ак жолтой Бактылуу бол мен садагаң кетейин Бугун болдум кайната Кайырма:
  • Сууга келсең, өзөн ылдый Мен да сууну бойлосом. Эң алгачкы махабатым Көңүл койбой жойлосом. Айылдагы бар кыздардан Сен бар эң бир сулуусуң. Жибек кара каштарыңа Осмо койсоң, койбосоң. Кайырма: Ай толгондо, түн болгондо Оюн болсо айылда. Ак чөлмөктү сен да издеп Ойнойсуңбу Айзада. Кол кармашып, жетелешип Балалыкка жашындык. Сүйүп калган менде күнөө Же жетилген ай жашымбы. Чырай бүткөн мүчөлүңө Кандай кийсең ай жарашат. Ак көйнөкпү, агыш-көкпү Мейли кызыл, жашылбы. Кайырма: