Казахские песни Узбекские песни

Песня «Сүйүү таңы»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Күнүм болуп дүнүйөмө баттыңбы
Жүрөгүмө баттыңбы
Сүйүү биздин бал ширинсин таттыңбы
Көңүлүмө таттыңбы
Мен тарапка дайра болуп агылып
Дайра болуп актыңбы
Сезимдерге жазып койдум саймалап
Жаздым сенин атыңды

Кайырма:

Бүгүн жаным башкача бол башкача
Ташкындачы өз нугунан ашканча
Жоголушсун үзүлүшсүп топчулар
Жомок бүтүп сүйүү таңын ашканча
Сүйүү таңын ашканча

Түн жамынып жаным келе жатканың
Мага неге айтбадың
Ишигилип бал уйкуда жатканмын
Кайра неге кайтбадың
Сезимдердин терезесин черткилеп
Терезесин аттадың
Сагындым деп моюнума оролдуң
Ошондо болду айтканың

Другие песни исполнителя:

  • Бул дүйнө бул өмүрүм, сени менен го, Ырысым ырыскым да, сени менен го. Күлкүсү балдарымдын сени менен го, Бактылуу көз ирмемдер сени менен го. Кайырма: Ак сүйүүм менен алганым жубайым сен, Ак тилек менен убайым тартарым сен, Ак үйүмдүн күнү кудай кошкон айым сен Оорубагын ылайым, күлүп жүрчү дайым Сүйгөнүм жубайым сен. Жашаймын күлүп турган көздөрүң менен Жашаймын сүйөм деген сөздөрүң менен Жадабайм миң ырахмат Айтсам да аз го Жараткан сүйүү менен өзүңдү берген Күндөрү жаштыгымдын сени менен го, Жашоонун жакшылыгы сени менен го. Бактысы балдарымдын сени менен го, Бул дүйнө бул өмүрүм сени менен го.
  • Жаз ырымды ачайын Жандап келдиң жаз айым Сагынычтан чарчаган Саламымды айтайын Кейигеним айтайын Кирип келдиң жаз айым Сусап турам сөзүңө Сурап койчу ал жайын Кайырма: Өрүк гүлүн төккөндө Жаз бетиңден өпкөндө Неге жаным келем дедиң Алдадың Алма гүлүн төккөндө Ак жамгырлар өткөндө Анда дагы келем дедиң Алдадың Жашыл кийди Ала-Тоо Жасанганы сага го Жүзүң ачты байчечек Жетип келчи садага го Жомогубуз баяндуу Жоромого айланды Аалам сенсиз караңгы Алып келчи майрамды Кайырма: Ак сүйүүмдү кучакта Кайрылчы бир өткөндө Келчи күтөм көктөмдө Кайырма:
  • Даракта гүл болбосо өзөгү анын болот Сулуу эмес болсо дагы булбулдар ага конот Жолукпай жалгыз өткөн жашоомду барактаймын Көп күтүп анан сүйгөн мен дагы дарактаймын Кайырма: Мугалим кыз сага дайым арналайын Ыр болуп жазылайын гүл болуп ачылыйын Чычыңа тагылайын өмүрлүк жолдош болуп Өзүңө багынайын Мектептен келериңди мен күтүп сагынайын Сен бийик булут болсоң сен конор тоо болоюн Сен ыйык улар болсоң мен бийик зоо болоюн Мугалим кыз бактым сенде махабат деми менен Бүт калган өмүрүмдү жашайын сени менен