Казахские песни Узбекские песни

Песня «Бугун болдум кайната»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жар салгыла бүт өрөөнгө аймакка

Келин алдым бугун болдум кайната

Жубайым ай сен да болдуң кайнене

Кел эми жай дасторконуң жайната

Баккам сени нанды туурап каймакка

Буламыкка балды салып кайната

Кечээ эле атаң болчум жөн эле

Мына эми сен кылдың мени кайната

Бугун болдум кайната

Кайырма:

Бүтүп жылдар айлар да

Бир парзымдан кутулдум

Эми эс алам жайлата

Эми мен да кайната

Жар салгыла аймакка

Кымыз ичем кыр кырда

Кырк жылкыны байлата

Канча сени чоң жигитсиң дебейин

Бөбөктайдай көрүп кетемин кетейин

Алган жарың болсун экен ак жолтой

Бактылуу бол мен садагаң кетейин

Бугун болдум кайната

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Карагат ай, карагат Карагат сенин көзүңдөн. Каухар сындуу нурланганда Кагылам айым өзүңдөн. Кайырма: Наздап сүйсөм эргиген, Сүйсөм эргиген. Кызылгаттай эрдиңден Ай эркем ай, эркем ай. Эркелейсиң эркем ай Сыласамбы мен өңүңөн. Сүйөм аппак жүзүңөн сенин Чайпалган көркүң өрүлгөң. Кайырма: Жыпарыңа эреркейм да Кысамын ичке белиңден. Түрүлгөн аппак билегиңден ай Дүүлүүгөм ысык демине. Кайырма: Кызылала көйнөгүңдөн Кызарам сенин төшүңөн. Кымыздай ширеп алар сенин Кысылган алма өрүңдөн.
  • Жашырып кайда катамын Жагымдуу ойго батамын. Бала элем мен да кечээ эле, ой кечээ эле А бүгүн өзүм атамын. Мезгилди табып каталык Эшигин жапты балалык Бала кез кеткен ордуна, ой ордуна Байланды сезим аталык. Кайырма: Тун кызым күндөй жанса деп Апасына окшоп калса деп Эки уулум эрте бой жетип Өзүмдү жазбай тартса деп. Балкыган бала күлкүгө Бакытым менин үйүмдө Балдарын сүйгөн апасы Бакытым менин сүйүүмдө. Билсе да өзү басканды Көтөрүп алам баламды. Мен сезбей жүргөн экенмин, ой экенмин Түшүндүм эми атамды. Бешикте али жатса да Апа деп билет айтканды Аларды көрүп эстедим, ой эстедим Ак сүтүн берген апамды. Кайырма: Тун кызым күндөй жанса деп Апасына окшоп калса деп Эки уулум эрте бой жетип Өзүмдү жазбай тартса деп. Балкыган бала күлкүгө Бакытым менин үйүмдө Балдарын сүйгөн апасы Бакытым менин сүйүүмдө.