Казахские песни Узбекские песни

Песня «Жамиля»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Билет элең жүрөк туйласа,
Кымыздыктай болуп куураарым.
Байкамаксан болосуң неге?
Карап койчу сенден сураарым.

Сөзгө сөздү араң уладым,
Оо, Жами…
Сага арнап төрт сап курадым,
Ой, Жами…
Угуп койчу махабат ырды,
Сен үчүн деп ырдап турамын.

Кайырма:

Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами,
Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами.
Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами,
Даниярың болоюн сенин,
Болоюн сенин…

Билемин мен уулуңду дагы,
Колуңдагы шакегиң барын.
Байкамаксан болосуң неге?
Карап койчу мага бир, жаным.
Эбептен мен себеп табамын,
Бир күнү үйүңө мен кирип барамын.
Ой, Жами…
Жүрөктөгү болгон сырымды,
Көздү жумуп айтып саламын.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөмүн сага телефон чала албай, А-ха а-ха а-ха. Жүйөлүү себеп ага мен таба албай, А-ха а-ха а-ха. Кыйын деле эмес чалыңыз агатай, А-ха а-ха а-ха. Сурасаңыз болот жөн эле аба ырай, А-ха а-ха а-ха. Бүгүн кечти ырга шаңга бөлөйүн, Камынайын мен да чачты өрөйүн. А-ха а-ха а-ха Кайырма: Жүрөгүм бүгүн дүгүдүк, Сезим ой- санаа сени көздөй жүгүрүп. Түнөргөн асман түрүлүп, Жылдыздар түштү айланага күбүлүп. Дүгүдүк дүгүдүк, Дүгү дүгү дүк. Жүрөгүм менин дүкүдүк. Арманга батып кыйнабай көмөкөй, Ооба ооба ооба. Айтыныз баарын мен кызмын жөнөкөй, Ооба ооба ооба. Мен үчүн өзүң кол жеткис каныша, Мм мм мм. Аламбы билбейм жакындан тааныша, А-ха а-ха а-ха. Бүгүн кийип барайын ак көйнөгүмдү, Тартуу кылам анда аппак гүлүмдү. А-ха а-ха а-ха Кайырма:
  • Адам таппай турам таарына, Түшүндүрөт мени баарына. Атасынын кызы чоңоюп, Тескелиптир жоолук салына. Кайырма: Кызым, асмандагы жылдызым, Кызым, жакамдагы кундузум. Кызым, атасынын эркеси, Айым, кунум, менин нур кызым. Баскан сайын, кадам арыйт го, Барган жерден багы ташыйт го. Узаганда кылчайба кызым, Атаң бүгүн бир аз жашыйт го. Кайырма: Түшүнбөстүк бакыт болбосун, Жаратканым дайым колдосун. Жүрөгүмдүн колуңа куда Бүгүн үзүп бердим толтосун.