Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кызым»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Адам таппай турам таарына,
Түшүндүрөт мени баарына.
Атасынын кызы чоңоюп,
Тескелиптир жоолук салына.

Кайырма:
Кызым, асмандагы жылдызым,
Кызым, жакамдагы кундузум.
Кызым, атасынын эркеси,
Айым, кунум, менин нур кызым.

Баскан сайын, кадам арыйт го,
Барган жерден багы ташыйт го.
Узаганда кылчайба кызым,
Атаң бүгүн бир аз жашыйт го.
Кайырма:

Түшүнбөстүк бакыт болбосун,
Жаратканым дайым колдосун.
Жүрөгүмдүн колуңа куда
Бүгүн үзүп бердим толтосун.

Другие песни исполнителя:

  • Айла жоктон неттим ай, Акылымдан кеттим ай. Сүйүп калып сени, Эркинай. Жолдоп айтып болгонун, Жолболдудай Чолпонум, Сен деп ырдайм Мен да, Эркинай. Кайырма: Аттиң, неге жолуктуң? Сени алам деп оолуктум, Улуу кызым окуп калганда. Үчүнчүсү төрөлүп, Ак бешикке бөлөнүп, Ортончусу басып калганда. Тоодой ойлуу торгоюм, Токтогулдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Ырга салып торгоюм, Ырыспайдай боздоюн, Сүйгөнүм чын сени, Эркинай. Кайырма: Бирге турсам жанашпай, Бирге бассам жарашпай, Каламынбы сага, Эркинай? Албырып күйгөн чырактай, Арманым деп Чубактай, Каламынбы же мен, Эркинай?
  • Жаз ырымды ачайын Жандап келдиң жаз айым Сагынычтан чарчаган Саламымды айтайын Кейигеним айтайын Кирип келдиң жаз айым Сусап турам сөзүңө Сурап койчу ал жайын Кайырма: Өрүк гүлүн төккөндө Жаз бетиңден өпкөндө Неге жаным келем дедиң Алдадың Алма гүлүн төккөндө Ак жамгырлар өткөндө Анда дагы келем дедиң Алдадың Жашыл кийди Ала-Тоо Жасанганы сага го Жүзүң ачты байчечек Жетип келчи садага го Жомогубуз баяндуу Жоромого айланды Аалам сенсиз караңгы Алып келчи майрамды Кайырма: Ак сүйүүмдү кучакта Кайрылчы бир өткөндө Келчи күтөм көктөмдө Кайырма:
  • Атың кандай Гүлбар гүл ай Толугун айтчы ай кыйнабай Гүлнарабы же Гүлмира Же Гүлданабы арман ай Дуйнөң таза ыйманыңда Жан экенсиң сен суктана Далай жигит көзүн тигип Жете албай сага мууңканар Сага суктанаар Кайырма: Караоке ырдабаган Гуля Дискотекага барбаган Гуля Жигиттерге сыр ачпаган Гуля Эртең менен чуркаганың туура Гуля Инстаграммга кирбегениң туура Гуля Китеп окуп уктаганың туура Атың кандай Гүлназикби Же Гүлкайыр же Гүланда Же Гүлпери же Гүлсайра Же Гүлмайрам же Гүлийпа Жүзүң жарык үнүң булбул Сенде эккен сөздүн жылуусу Дүйнөдөгү сен экенсиң Гулялардын эң сулуусу
  • Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, Жезде дечүң мени жалгыз сен эле. Бара-бара эркелигиң жоголуп, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Бой жетилип, сен чоңойдуң, Тез эле… Кайырма: Балдыз, балдыз, неге жалгыз, Ыйлайсың сен күн алыс? Тандап терген, белестерден, Сага жездең гүл карыз. Эстейм, аттиң, баары күндөй кеч эле, «Сүйүү эмне?» деп сурганың эсимде. Сүйүнчүлөп тыя албастан күлкүңдү, Кадам койдуң сен, секелек, Кадам койдуң сен, секелек, Сезимге… Кайырма: Мен келгенде эстен кетпейт эч эле, «Кел, жезде» деп чай сунганың эсимде. Эми сен да төктүң сүйүү көз жашын, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Мезгил, чиркин, өтөт тура, Тез эле… Кайырма: