Казахские песни Узбекские песни

Песня «Чабалекей»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаз айы, жамгыр басылбай,
Жаралуу жүрөк жазылбай.
Аскадай булут баскан,
Көңүлүм менин ачылбай.
Жалганчы жаздын демиби?
Азгырып сени кеттиби?
Жамгырга мени таштап,
Жалооруп карап койбой,
Жаз гүлүм, жалгыз кеттиңби?

Кайырма:
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.

Көргөнгө сени көзүм зар,
Айтайын деген сөзүм бар.
Сактаган жүрөгүмдө,
Арнаган сага сүйүүм бар.
Кантемин сенсиз өмүрдү,
Жамгырлуу, муздак көңүлдү?
Күнөөлөйм ушул жаздай,
Бир көрүп сүйүп калган,
Сен деген жаш жүрөгүмдү.

Кайырма:
Эх, жаным, кичинекей,
Кайдасың, байчечекей?
А мен чабалекей,
А мен чабалекей,
Учамын сени издей.

Другие песни исполнителя:

  • Көп ичинен сага окшош көрүнсө, Мен да караймын. Эсептеймин сенсиз жыл, ай, күн өтсө, Мен да самаймын. Сезбептирбиз ал күндөрдүн кадырын, Билбей кадырын. Азыр дагы куса болуп сагынам, Мен да самаймын, Эңсеп самаймын. Кайырма: Биздин сүйүү жашап калган ырларда, Барктабадык, бөлөбөдүк жыргалга. Кечир эми, сүйүү гүлү буралган, Кейитпечи, термелбечи, ыргалба. Кечиктик биз, эми башка арга жок, Кезигебиз муңдуу кайрык, ырларда. Сен да мендей өткөндү эстээр бекенсиң? Издеп жүрөмүн. Мен атамын, сен да балким, энесиң? Башка бүлөнүн. Тагдыр бизди жолуктурса капилет, Эгер капилет. Жашыбагын, мен жашыбайм күлөмүн, Мен да күлөмүн, Мен да күлөмүн… Кайырма:
  • Мага да махабатын айткандар бар Женилбей женил жолдон качкандар ал Сага окшоп коз жашырбай, соз жашырбай Мен учун бир ооз кебин баккандар бар Мага да ак суйуусун арнаган бар Мен учун убактысын кармагандар Сага окшоп кадырымды билбей койбой Чакырган бактысына барбагандар Кайырма А сен жалгыз кайыктайсын Дартым болдун айыкпайсын Жолукпайсын жолум учун айыптайсын Жылкы жетпес жайыттайсын Жакындаймын алыстайсын Карматпай колдон качкан балыктайсын (Сен мени корбогондон талыкпайсын) Мага да сезимдерин суйкогон бар Мен учун башкаларды суйбогон бар Сен ботон жакты карап жургон кезде Кобойду коз караштар куйгонго зар