Казахские песни Узбекские песни

Песня «Кыргызстан»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кай күнү, кай мезгилде карабайын,
Шаттанам келбетиңе баладайым.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Жаныма дары арча, карагайың.

Кайырма:
Мен сенин майрамыңа бөлөнгөнмүн,
Өзүңдөн агарганмын, көгөргөнмүн.
Мен сенин кулунуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин кубанычыңа төрөлгөнмүн.

Кең жазда термеген ырларыңды,
Жуткандай боломун мен булагыңды.
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Комузуң кандырат го кумарымды.
Кайырма:

Аруу таң, ай нуруңан туулганмын,
Айтылган сөзгө бекем уулуңданмын.
Мен сенин кырааныңмын, Кыргызстан,
Мен сенин таалайыңа туулганмын.
Кайырма:

Кай жерде жүрсөм дагы эске келесиң,
Жүрөккө эм бересиң, дем бересиң,
Кыргызым, кыргыз жерим, Кыргызстан,
Көңүлдүн асманындай өңдөнөсүң.
Кайырма:

Желпилдеп желкеге чач тараганмын,
Көңүлүм күзгү кылып караганмын.
Мен сенин булбулуңмун, Кыргызстан,
Мен сенин бакытыңа,
Мен сенин бакытыңа жаралганмын.

Другие песни исполнителя:

  • Кичүү кызын мектебине келем жетелеп Көрөйүн деп сени эртерээк Көпчүлүктөн издеп калам уулуңду темтеп Көрүп калса калчу эркелеп Менин сүйүм сага жетелек Кайырма: Сен карап койсоң Сен карап койсоң Жылдыздарга толот айлана Сен күлүп койсоң Тарталбай көздү Эркин сынып жипсиз байланам Мен атамын сен энесиң Ортобуз алыс Балдарыбыз үчүн Биз барбыз Бир убаккта татаал турмуш Жолунан тайган Билем сен да жалгыз Мен жалгыз Кайырма:
  • Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда, Маанисине түшүнбөй. Тагдыр экен, жаштык экен кантейин? Өттү ал кез түшүмдөй. Чыга калат «коюңуз” деп уялсаң, Ууртуңдан уячаң. Чыдай албай, моюнуңдан жыттаймын, Жаз гүлүндөй буралсаң. Кайырма: Кантип анан эзилбейм, карагатым? Капилеттен жоготтум да, кайра таптым. Бирде өбүп, бир өппөй, Көз жашыңды көрсөтпөй, Ийиниме башың жөлөп бара жаттың. Мен бул ырды токуганмын жаш кезде, Мазмунуна сүңгүбөй. Ал кездеги окуялар эсимде, Азыр ушул күнкүдөй. Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат, Бир көрүнүп, көрүнбөй. Эриндериң илебиме ыкталат, Кожагаттын өңүндөй. Кайырма: Бир мен өбүп, сен өппөй, Же сен өбүп, мен өппөй, Ийиниме башың жөлөп бара жаттың. Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың…
  • Тагдыр мага татаалданды, Бороондоду, катаалданды. Сагынычым да жан дүйнөмө, Сыйбай койду, бата албады. Кайырма: Калган кезде күүгүм байлап, Боз жоргомду минип жайдак. Сезимдерди сени көздөй, Келем айдап… Келем дедиң, келбей койдуң, Билер дедим, сен сезбей койдуң. Жүрөк отун сурап алып, Кайтып неге бербей койдуң? Кайырма: Келсең эгер нетер элем, Ээрчип сени кетер белем? Сенсиз курган турмушумду, Балким баарын кечер элем. Кайырма: