Казахские песни Узбекские песни

Песня «Карагат»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Мен бул ырды ырдап жүргөм жашымда,
Маанисине түшүнбөй.
Тагдыр экен, жаштык экен кантейин?
Өттү ал кез түшүмдөй.
Чыга калат «коюңуз” деп уялсаң,
Ууртуңдан уячаң.
Чыдай албай, моюнуңдан жыттаймын,
Жаз гүлүндөй буралсаң.

Кайырма:
Кантип анан эзилбейм, карагатым?
Капилеттен жоготтум да, кайра таптым.
Бирде өбүп, бир өппөй,
Көз жашыңды көрсөтпөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.

Мен бул ырды токуганмын жаш кезде,
Мазмунуна сүңгүбөй.
Ал кездеги окуялар эсимде,
Азыр ушул күнкүдөй.
Жакаң ылдый алма жыпар жыттанат,
Бир көрүнүп, көрүнбөй.
Эриндериң илебиме ыкталат,
Кожагаттын өңүндөй.
Кайырма:

Бир мен өбүп, сен өппөй,
Же сен өбүп, мен өппөй,
Ийиниме башың жөлөп бара жаттың.
Бирде ыйлап, бир күлүп сен бара жаттың…

Другие песни исполнителя:

  • Мага да махабатын айткандар бар Женилбей женил жолдон качкандар ал Сага окшоп коз жашырбай, соз жашырбай Мен учун бир ооз кебин баккандар бар Мага да ак суйуусун арнаган бар Мен учун убактысын кармагандар Сага окшоп кадырымды билбей койбой Чакырган бактысына барбагандар Кайырма А сен жалгыз кайыктайсын Дартым болдун айыкпайсын Жолукпайсын жолум учун айыптайсын Жылкы жетпес жайыттайсын Жакындаймын алыстайсын Карматпай колдон качкан балыктайсын (Сен мени корбогондон талыкпайсын) Мага да сезимдерин суйкогон бар Мен учун башкаларды суйбогон бар Сен ботон жакты карап жургон кезде Кобойду коз караштар куйгонго зар
  • Сүйбөсөң, сүйөмүн дебе, Күйдүрүп жүрөсүң неге? Үзүлчөөк биздин мамиле, Элдерге окшобойт неге? Сөзүңдү албадың беле, Сүйөм деп калбадың беле. Телефон кылам деп анан, Күттүрүп чалбадың неге? Чалбадым неге? Кайырма: Алдаба, алдаба сен, Чалбадың не, чалбадың го сен? Алдаба, алдабайм мен, Чаламын деп, чала албадым мен. Кечир деп барбадым беле, Кечиримди албадым беле. Чакырсам жолугушууга, Келемин деп калбадың беле. Элдердей жүрбөйбүз неге? Сүйүүбүз от албайт неге? Барам деп чыгынып жатып, Чын эле, барбадым неге? Келбедиң неге? Кайырма: Алдадым, алдадым мен, Барбадым мен, барбадым го мен. Алдаба, алдаба сен, Келемин деп, келбедиң го сен. Алдадым, алдадым мен, Жаманмын, жакшысың сен. Алдадым, алдадым мен, Жакшысың, жаманмын мен.
  • Кайырма: Айла жок, айла жок, Армандан пайда жок. Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим, Жерде эмес, айда жок. Убакыт өтөт тез, Унутпайм аны сез, Жашы күн, жакшы мүнөттөр, Өтүптүр жаштык кез. Жанаша жүрчү элек, жаным, Жарашып күлчү элек, жаным. Кайырма: Айла жок, айла жок, Армандан пайда жок. Азыр биз башка, кез башка, А бирок, а бирок… Арга жок, арга жок, Армандан пайда жок. Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим, Жерде эмес, айда жок. Жоготтум акыл-эс, Таппадым сендей эч. Баарысын кайра баштоого, Билебиз азыр кеч. Бир элек дайым үнүбүз, Күнүбүз да, түнүбүз. Кайырма: Айла жок, айла жок, Армандан пайда жок. Азыр биз башка, кез башка, А бирок, а бирок… Арга жок, арга жок, Армандан пайда жок. Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим, Жерде эмес, айда жок. Дайрадай агылсак деле, Тагдырга жалынсак деле… Кайырма: Айла жок, айла жок, Армандан пайда жок. Азыр биз башка, кез башка, А бирок, а бирок… Арга жок, арга жок, Армандан пайда жок. Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим, Жерде эмес, айда жок.
  • Кичүү кызын мектебине келем жетелеп Көрөйүн деп сени эртерээк Көпчүлүктөн издеп калам уулуңду темтеп Көрүп калса калчу эркелеп Менин сүйүм сага жетелек Кайырма: Сен карап койсоң Сен карап койсоң Жылдыздарга толот айлана Сен күлүп койсоң Тарталбай көздү Эркин сынып жипсиз байланам Мен атамын сен энесиң Ортобуз алыс Балдарыбыз үчүн Биз барбыз Бир убаккта татаал турмуш Жолунан тайган Билем сен да жалгыз Мен жалгыз Кайырма: