Казахские песни Узбекские песни

Песня «Айла жок»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Убакыт өтөт тез,
Унутпайм аны сез,
Жашы күн, жакшы мүнөттөр,
Өтүптүр жаштык кез.
Жанаша жүрчү элек, жаным,
Жарашып күлчү элек, жаным.
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Азыр биз башка, кез башка,
А бирок, а бирок…
Арга жок, арга жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Жоготтум акыл-эс,
Таппадым сендей эч.
Баарысын кайра баштоого,
Билебиз азыр кеч.
Бир элек дайым үнүбүз,
Күнүбүз да, түнүбүз.
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Азыр биз башка, кез башка,
А бирок, а бирок…
Арга жок, арга жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.
Дайрадай агылсак деле,
Тагдырга жалынсак деле…
Кайырма:
Айла жок, айла жок,
Армандан пайда жок.
Азыр биз башка, кез башка,
А бирок, а бирок…
Арга жок, арга жок,
Армандан пайда жок.
Ошондогу биздин сүйүүдөй сезим,
Жерде эмес, айда жок.

Другие песни исполнителя:

  • Актай кагаз алганмын, Ак кайык жасаганмын, Окуучулук өмүрүм деп жазганмын. Аккан сууга салганмын, Көпкө чуркап барганмын, Узаганча кол булгалап калганмын. Кайырма: Агып кеткен окуучулук кайыгым, Эми издеп таппай калдым дайынын. Yнсүз тиктеп тоонун булагын, Өткөндү эстеп бүгүн турамын, Аттиң, менин ошол бала курагым. Он жыл бирге туздашым, Классташым, курдашым, Аман болгун тагдыр кайда бурбасын. Акыл айтчу ар дайым, Эжелерим агайым, Кеч болсо да рахматымды айтайын. Кайырма:
  • Жар салгыла бүт өрөөнгө аймакка Келин алдым бугун болдум кайната Жубайым ай сен да болдуң кайнене Кел эми жай дасторконуң жайната Баккам сени нанды туурап каймакка Буламыкка балды салып кайната Кечээ эле атаң болчум жөн эле Мына эми сен кылдың мени кайната Бугун болдум кайната Кайырма: Бүтүп жылдар айлар да Бир парзымдан кутулдум Эми эс алам жайлата Эми мен да кайната Жар салгыла аймакка Кымыз ичем кыр кырда Кырк жылкыны байлата Канча сени чоң жигитсиң дебейин Бөбөктайдай көрүп кетемин кетейин Алган жарың болсун экен ак жолтой Бактылуу бол мен садагаң кетейин Бугун болдум кайната Кайырма:
  • Жаңырган айды көрсөм сени эңсеймин Ачылган гүлдү көрүп аны сен деймин Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык Сагындым саргайдым го неге келбейсиң. Алты тоонун тескейи алты куш аны эңсейби, Алсырадым-аздым го алтыным эрте келбейби, Алсырадым-аздым го алтыным эрте келбейби. Жети тоонун тескейи жети куш аны эңсейби, Жетимсиреп калдым го жейреним эрте келбейби, Жетимсиреп калдым го жейреним эрте келбейби. Өзүң бил максатыңа эми жеттиңби, Өзүң бил биротоло менден кеттиңби. Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык, Же гүлүм сагындырып келем дедиңби. Тогуз тоонун тескейи тогузу аны эңсейби, Томсоруп калдым го тоо гүлүм эрте келбейби, Томсоруп калдым го тоо гүлүм эрте келбейби. Бугусуз тоонун тескейи бугулар аны эңсейби, Буулугуп калдым го булбулум эрте келбейби, Буулугуп калдым го булбулум эрте келбейби. Алсырадым-аздым го Ардагым эрте келбейби, Томсоруп калдым го Тоо гүлүм эрте келбейби.
  • Билет элең жүрөк туйласа, Кымыздыктай болуп куураарым. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу сенден сураарым. Сөзгө сөздү араң уладым, Оо, Жами… Сага арнап төрт сап курадым, Ой, Жами… Угуп койчу махабат ырды, Сен үчүн деп ырдап турамын. Кайырма: Даңгыр жолдо араба айдап, оо, Жами, Жүрөк козгоп ырдап берейин, оо, Жами. Саманчынын жолун көрсөтүп, оо, Жами, Даниярың болоюн сенин, Болоюн сенин… Билемин мен уулуңду дагы, Колуңдагы шакегиң барын. Байкамаксан болосуң неге? Карап койчу мага бир, жаным. Эбептен мен себеп табамын, Бир күнү үйүңө мен кирип барамын. Ой, Жами… Жүрөктөгү болгон сырымды, Көздү жумуп айтып саламын.