Казахские песни Узбекские песни

Песня «Алты тоонун тескейи»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жаңырган айды көрсөм сени эңсеймин
Ачылган гүлдү көрүп аны сен деймин
Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык
Сагындым саргайдым го неге келбейсиң.

Алты тоонун тескейи
алты куш аны эңсейби,
Алсырадым-аздым го
алтыным эрте келбейби,
Алсырадым-аздым го
алтыным эрте келбейби.
Жети тоонун тескейи
жети куш аны эңсейби,
Жетимсиреп калдым го
жейреним эрте келбейби,
Жетимсиреп калдым го
жейреним эрте келбейби.

Өзүң бил максатыңа эми жеттиңби,
Өзүң бил биротоло менден кеттиңби.
Оо, гүлүм кыйнадың го мени мынчалык,
Же гүлүм сагындырып келем дедиңби.

Тогуз тоонун тескейи
тогузу аны эңсейби,
Томсоруп калдым го
тоо гүлүм эрте келбейби,
Томсоруп калдым го
тоо гүлүм эрте келбейби.
Бугусуз тоонун тескейи
бугулар аны эңсейби,
Буулугуп калдым го
булбулум эрте келбейби,
Буулугуп калдым го
булбулум эрте келбейби.

Алсырадым-аздым го
Ардагым эрте келбейби,
Томсоруп калдым го
Тоо гүлүм эрте келбейби.

Другие песни исполнителя:

  • Жүрөмүн сага телефон чала албай, А-ха а-ха а-ха. Жүйөлүү себеп ага мен таба албай, А-ха а-ха а-ха. Кыйын деле эмес чалыңыз агатай, А-ха а-ха а-ха. Сурасаңыз болот жөн эле аба ырай, А-ха а-ха а-ха. Бүгүн кечти ырга шаңга бөлөйүн, Камынайын мен да чачты өрөйүн. А-ха а-ха а-ха Кайырма: Жүрөгүм бүгүн дүгүдүк, Сезим ой- санаа сени көздөй жүгүрүп. Түнөргөн асман түрүлүп, Жылдыздар түштү айланага күбүлүп. Дүгүдүк дүгүдүк, Дүгү дүгү дүк. Жүрөгүм менин дүкүдүк. Арманга батып кыйнабай көмөкөй, Ооба ооба ооба. Айтыныз баарын мен кызмын жөнөкөй, Ооба ооба ооба. Мен үчүн өзүң кол жеткис каныша, Мм мм мм. Аламбы билбейм жакындан тааныша, А-ха а-ха а-ха. Бүгүн кийип барайын ак көйнөгүмдү, Тартуу кылам анда аппак гүлүмдү. А-ха а-ха а-ха Кайырма:
  • Эртелеп келатканда баштап көчтү Тагдырдын таш бор ташы капыс көчтү Дүйнөсү конторулуп ыйлайт апам Мен үчүн ата деген жылдыз өчтү Кайырма: Асманды чартка айланып шумкар калды Азоонуп жайнактанган тулпар калды Аттин ай мөмөлөрүң төгүп бышкан Атаке өзүң баккан багың калды Кош ата эл аралар эшиң калды Өстүргөн сен ишенген кишиң калды Турмуштун өзү күрөш билем ата Эл айтар эл ичинде изиң калды Жөнөкөй карапайым элең ата Жүлөгүм дале сенсиң сенсиң ата Алыскы сапарыңа кете бердиң Камчыдай бек болгуң деп берип бата
  • Махабат – зор мейкиндик, Булуту жок, көпкөк асман. Махабат – караңгы түн, Кээде дайра, толкуп, ашкан. Махабат — туйбаганга, Аны сезе билбегенге. Ал азап, ал адашуу, Ажырашуу, ачуу арман. Кайырма: Сен, сен сезими жок, Мерез болсоң сүйүүгө мээримиң жок. Гүл, гүл, гүл болсоң да, Сулуулугуң эч кимге кереги жок. Мамилең мага болгон, Чөлдөн кургак, кыштан муздак. Кирдеди махбатым, Гүлдөй куурап, кетти урап. Көп жашап көнгөнүңдөн, Кетүү кандай өкүнүчтүү? Бир кезде жанган сезим, Калды ыйлап, калды узак. Кайырма:
  • Адам таппай турам таарына, Түшүндүрөт мени баарына. Атасынын кызы чоңоюп, Тескелиптир жоолук салына. Кайырма: Кызым, асмандагы жылдызым, Кызым, жакамдагы кундузум. Кызым, атасынын эркеси, Айым, кунум, менин нур кызым. Баскан сайын, кадам арыйт го, Барган жерден багы ташыйт го. Узаганда кылчайба кызым, Атаң бүгүн бир аз жашыйт го. Кайырма: Түшүнбөстүк бакыт болбосун, Жаратканым дайым колдосун. Жүрөгүмдүн колуңа куда Бүгүн үзүп бердим толтосун.