Казахские песни Узбекские песни

Песня «Атаке»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Эртелеп келатканда баштап көчтү
Тагдырдын таш бор ташы капыс көчтү
Дүйнөсү конторулуп ыйлайт апам
Мен үчүн ата деген жылдыз өчтү

Кайырма:

Асманды чартка айланып шумкар калды
Азоонуп жайнактанган тулпар калды
Аттин ай мөмөлөрүң төгүп бышкан
Атаке өзүң баккан багың калды

Кош ата эл аралар эшиң калды
Өстүргөн сен ишенген кишиң калды
Турмуштун өзү күрөш билем ата
Эл айтар эл ичинде изиң калды

Жөнөкөй карапайым элең ата
Жүлөгүм дале сенсиң сенсиң ата
Алыскы сапарыңа кете бердиң
Камчыдай бек болгуң деп берип бата

Другие песни исполнителя:

  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жылдыз учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман кечиктикпи бактыдан?
  • Учуп чыгат көп кыялдын кээсинде, Сагынычтан пайда болгон ак кеме. Ошол кеме сүзүп барып айылыма, Уулуңан деп салам айтат энеме. Ошол кеме сүзүп барып айылыма, Уулуңан деп салам айтат энеме. Ошол кеме кусалыктын жарчысы, Жан дүйнөмө жаралган го, Жаралган го белекке. Сүзгүн, кемем, тынбай, сүзө бергиниң, Туйгум келип туулган жердин эргимин. Атакемдин жытын эңсеп, сагындым, Ала келгин энекемдин мээримин. Атакемдин жытын эңсеп, сагындым, Ала келгин энекемдин мээримин. Көкүрөктө кусалыктын баарын айт, Сагынычтуу салам ала, Салам ала келгиниң. Ошол кеме сүзүп барып айылыма, Уулуңан деп салам айтат энеме. Ошол кеме кусалыктын жарчысы, Жан дүйнөмө жаралган го, Жаралган го белекке.
  • Көп элес өчпөстөн эсте баары, Көңүлдүн калса да бөксө жагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Мезгилдер карматпай өтсө дагы. Жүрөктүн буйругу башкачабы, Жүрсө да тагдырдын канча тагы. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Жашынып жаштыгым калса дагы. Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска, Өткөнгө өкүнүч кылабыз да. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Баладай багынбай убакытка. Жыргатпай бул турмуш сонунуна, Жылдарды койсо да орунуна. Мен сени сагынган бойдон жүрөм, Тумардай тагынып моюнума.