Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен сени сагынган бойдон жүрөм»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Көп элес өчпөстөн эсте баары,

Көңүлдүн калса да бөксө жагы.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Мезгилдер карматпай өтсө дагы.

Жүрөктүн буйругу башкачабы,

Жүрсө да тагдырдын канча тагы.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Жашынып жаштыгым калса дагы.

Өлчөмдүү бул өмүр тура кыска,

Өткөнгө өкүнүч кылабыз да.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Баладай багынбай убакытка.

Жыргатпай бул турмуш сонунуна,

Жылдарды койсо да орунуна.

Мен сени сагынган бойдон жүрөм,

Тумардай тагынып моюнума.

Другие песни исполнителя:

  • Сөзү, обону Бек Борбиев Мен сени сагынамын Экөөбүз эки башка Мен сени ойлой берем Билбеймин дагы канча Түнөрүп күн батканча Түрүлүп таң атканча Мен сени сагынамын Билбеймин дагы канча Кайырма: Күз келгенде учушпайт көпөлөктөр Жаздагыдай гүл байлап канатына Махабаттын кышына көнөлектер Бурганакта жол издейт бакытына А биз болсо бөлүнүп эки жакта Жолдорубуз кайчылаш эки башка Жомогубуз өзгөргөн эми башка Сен дагы сагынарсың Көп жакшы күндөр өткөн Ичинден сызыларсың Уктатпай түндөр өктөм Күтөөрсүн сен да көктөм Жамгырды жаба төккөн Издейбиз сезимдердин, калган изин Күнөөсүз көпөлөктөн
  • Жамгыр тынбай нөшөрлөгөн жаздын айы эле, Жанга жаккан музыка койгом жаңы эле. Жалыны жок, мокогон мен — айдоочунун, Жүрөгүнө чок салган кандай жан элең? Кайырма: Узун чачы бар эле, көздөрү кара эле, Унчукпадым, жанында энеси бар эле. Айдан түшкөн кыз эле, айдын кызы эле, Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле. Мен айдоочу жөнөкөй, маек курбаган, Алтын күлкү селкилер көңүл бурбаган. Жалган беле, чын беле узап кетерде, «Көрүшөбүз го” деген сенин убадаң? Салкын убадаң? Кайырма: