Казахские песни Узбекские песни

Песня «Мен айдоочу»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Жамгыр тынбай нөшөрлөгөн жаздын айы эле,
Жанга жаккан музыка койгом жаңы эле.
Жалыны жок, мокогон мен айдоочунун,
Жүрөгүнө чок салган кандай жан элең?

Кайырма:
Узун чачы бар эле, көздөрү кара эле,
Унчукпадым, жанында энеси бар эле.
Айдан түшкөн кыз эле, айдын кызы эле,
Айлар өтүп кетсе да, издейм дагы эле.

Мен айдоочу жөнөкөй, маек курбаган,
Алтын күлкү селкилер көңүл бурбаган.
Жалган беле, чын беле узап кетерде,
«Көрүшөбүз го” деген сенин убадаң?
Салкын убадаң?

Кайырма:

Другие песни исполнителя:

  • Көлдүн жээгин бойлогон Ар бир мүнөт мени сүйүп Мени ойлогон Сүрөтүң кана Толкун менен ойногон Күлкүң кана шыңгыр булак Мен сүйүп тойбогон Ошентип мен уктап ойгоном Кайырма: Мен сени сүйөм Мен дагеле сени сүйөм Мен азыр жаштыгымдын аска зоосун Айланып жүрөм Мен кеталбай жүрөм Мен сени келет деп жүрөм Ыраа көрбөй сени башкага Кыялбай сени башкага Мен сени сагынып күтүп жүрөм Көздөрүң кана Көктөм жаздай жайнаган Жүрөк туйлап бир караштан Сезим кайнаган Сөздөрүң кана Мени жипсиз байлаган Балыкчынын шамалындай Жүзүм аймаган
  • Сезимдер учат куш болуп, Сагынтып көпкө келбесең. Бугумду басып турганда, Кусадан ыйлайт терезем. Сунам ыр десте сагынган кезде. Жүзүң албырып күйгөндө эсте. Оң көзүң тартып койгондо эсте, Жамгырлуу кечте. Кубалап кайгы-капамды, Кулпулап берчи санаамды. Ыраазы кылып сүйүп кой Ыр менен барган саламды. Байкабай айтсам атыңды, Ойлорум сенде, билип кой. Түшүңдөн түндө ойгонсоң, Күткөнүм ошол, билип кой.
  • Байке дечи, аке дечи, Ал сөзүңдү сагындым, бачым келчи. Бүгүн келчи, азыр келчи, Бүркөк асман дүйнөмдү, эй, ачып берчи. Агай дечи, ага дечи, Жаз күнүндөй жадырап, жайнап келчи. Жалгыз келчи, өзүң келчи, Азоо-улоо санаамды, эй, байлап берчи. Байке дечи, аке дечи, Ак куу болуп мен күткөн көлгө келчи. Учуп келчи, сүзүп келчи, Уйку качкан түнүңдү, эй, мага берчи. Күмүш-алтын торуңдан, Алтын-күмүш торуңдан качып келчи.
  • Сууга келсең, өзөн ылдый Мен да сууну бойлосом. Эң алгачкы махабатым Көңүл койбой жойлосом. Айылдагы бар кыздардан Сен бар эң бир сулуусуң. Жибек кара каштарыңа Осмо койсоң, койбосоң. Кайырма: Ай толгондо, түн болгондо Оюн болсо айылда. Ак чөлмөктү сен да издеп Ойнойсуңбу Айзада. Кол кармашып, жетелешип Балалыкка жашындык. Сүйүп калган менде күнөө Же жетилген ай жашымбы. Чырай бүткөн мүчөлүңө Кандай кийсең ай жарашат. Ак көйнөкпү, агыш-көкпү Мейли кызыл, жашылбы. Кайырма: