Казахские песни Узбекские песни

Песня «Ыр десте»
исполнителя Бек Борбиев.
Скачать или слушать онлайн

Текст песни:

Сезимдер учат куш болуп,
Сагынтып көпкө келбесең.
Бугумду басып турганда,
Кусадан ыйлайт терезем.

Сунам ыр десте сагынган кезде.
Жүзүң албырып күйгөндө эсте.
Оң көзүң тартып койгондо эсте,
Жамгырлуу кечте.

Кубалап кайгы-капамды,
Кулпулап берчи санаамды.
Ыраазы кылып сүйүп кой
Ыр менен барган саламды.

Байкабай айтсам атыңды,
Ойлорум сенде, билип кой.
Түшүңдөн түндө ойгонсоң,
Күткөнүм ошол, билип кой.

Другие песни исполнителя:

  • Билбейм ыйлап, мен түшүмдөн ойгондум, Соороно албай сени күтүп таң аткан. Түшүмдөгү экөө келет элеске, Улам-улам менден узап бараткан. Чыйрыгамын, ый угулат ыраактан, Өңбү же түшпү, биз жолукчу бул ак таң? Кайырма: Сен белең, сен белең, ошол түшүм, Ошол аян сен белең, сен белең? Алыстагы ошол караан сен белең? Сен белең, сен белең, Менден узап кеттиң эле ким менен? Ким менен? Сен белең? Укпадың го, чакырганым билдиңби? Карап койдуң бир кылчайып алыстан. Асман жарып, дал ошондо ылдыйга, Эки жүрөк учуп түштү жарышкан. Тумчугамын, демим жетпей аптыга, Аттиң арман, кечиктикпи бактыдан? Кайырма:
  • Алыстан караймын терегинди Бере албай белегимди Уйундон чыгасын силкип силкип Ун болгон элегинди Башкалар сулуулук себебинди Билишпейт терененди Жомоко ишенип жолдо калдым Жок кылдын керегемди Кайрыма Журоктун журогун атып алып Журосун катып алып Ширелген кылычтай мелтиреймин Ширенди татып алып Коколоп учканын эми кандай Конулго батып алып Аруу тан агарып атпай койдун Кирпикти какпай койдум Журогум ооруду билбейм неге Мен сага жакпай койдум Катымдын жообун сен актай койдун Себебин айтпай койдун Жоголдум узулгон бир топчудай Сен мени таппай койдун
  • Жыгылдым, сүзүлдүм, жыдыдым, көп күйдүм, Чыйралдым сенден, жаштык, ай. Ойнодум, көп күлдүм, ойлонбой көп жүрдүм, Арман жок сенде, жаштык, ай, сенде, жаштык, ай. Унуткус күн калды, уйкусуз түн калды, Өткүндөй белең, жаштык, ай? Тергетер сүр калды, термелип гүл калды, Жашыл жаз белең, жаштык, ай, жазым жаштык, ай? Кайырма: Жакшысын жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, курган мастык, ай, өткөрдүк сени барктабай. Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, жазым жаштык, ай. Сыздатар заары жок, чыны бар, жалган жок, Таза элең дайым, жаштык, ай. Жакшы бар, жаман жок, сага айтар арман жок, Кайыр кош эми, жаштык, ай, менден жаштык, ай. Кайырма: Жакшыдай, жаманын жамандай, Жаштыктан көрдүк ылгабай. Бирде тез, бирде жай, аттиң, ай, аттиң, ай, Кетеби бизден алыстай? Ай, жаштык, жаштык, ай? Ай, жаштык, жаштык, ай, Ай, курган мастык, ай. Өткөрдүк сени барктабай, Күчтөнөм, күчтөнөм, мен эми күүлөнөм, Отузга оңой алдырбай, кырк жашка жеңил алдырбай. Отузга оңой алдырбай, элүүгө жеңил алдырбай.