Жаңырганда жаштык ырлары,
Тыз дей түшөт жүрөк кылдары.
Обон созуп канча таңды атырдык,
Ошол сексенинчи жылдары.
Окуялар ошол кездеги,
Жапжаш элек, курбум, эстеби?
Кечээги күндөй көз алдымда тартылат,
Фрунзенин салкын кечтери.
Араласам эски бульварды,
Бур дей түшөт жаштык ыргагы.
Бир кайрылып кайтса гана, аттигиң,
Бала кездин таттуу жыргалы.
Аруу, бийик, таза, бүт баары,
Ыйык эле сүйүү гүлбагы.
Биздин күндөр өткөн жакшы жомоктой,
Ошол сексенинчи жылдары.
Махабат – зор мейкиндик,
Булуту жок, көпкөк асман.
Махабат – караңгы түн,
Кээде дайра, толкуп, ашкан.
Махабат — туйбаганга,
Аны сезе билбегенге.
Ал азап, ал адашуу,
Ажырашуу, ачуу арман.
Кайырма:
Сен, сен сезими жок,
Мерез болсоң сүйүүгө мээримиң жок.
Гүл, гүл, гүл болсоң да,
Сулуулугуң эч кимге кереги жок.
Мамилең мага болгон,
Чөлдөн кургак, кыштан муздак.
Кирдеди махбатым,
Гүлдөй куурап, кетти урап.
Көп жашап көнгөнүңдөн,
Кетүү кандай өкүнүчтүү?
Бир кезде жанган сезим,
Калды ыйлап, калды узак.
Кайырма:
Эркелечи эркем менин эркеледиң
Эмне болду шашылдың не эртеледиң
Эртең кайтып келбээриңди билсең дагы
Эшигимди ачык таштап кете бердиң
Кайырма:
Жүрөгүмдө махабаттын деңизи бар
Деңизимде дал өзүңдөй эгизиң бар
Ал элесиң түбөлүккө мени менен
Ошундуктан бул жашоомдун деңизи бар
Кетпегенде олтурмаксың канатыма
Бармак элек сезимдердин жаннатына
Таза аруу сүйүүнү айтып жүрүп
Сен акыры жан дүйнөмдү канаттың аа
Күлкүчүмсүң күлүп койчу күлүп жүрчү
Талкаладың сүйүүбүздү сен ким үчүн
Ай жүзүндөн бакыт нуру жанып турчу
Кымбаттыгын ал күндөрдүн эми түшүн